Иммунотерапия - иммунологиянын жугуштуу ооруну иммун дарылары (вакцина, кан сары суусу, гаммаглобулин ж. б.) менен дарылоочу бөлүгү. Кан сары суусу, гаммаглобулин катуу кармаган ооруларда кептөөр, селейме, ботулизм, менингит жана башкаларда колдонулат. Вакциналар көпкө создуккан өнөкөт жугуштуу ооруларда дизентерия, бруцеллёз, туляремия жана башкаларда куюлат. Иммунотерапия антибиотиктер жана химиотерапия менен бирге жүргүзүлөт. Иммунотерапия ветеринарияда жаныбардын жугуштуу ооруларында кан сары суусун, бактериофагдарды организмге киргизгенде жаныбар организминдеги оору козгогучтарга же алардын ууларына каршы даяр коргогуч заттар (антитела) келип түшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү