Инвентаризация (лат. inuentarium мүлктү каттоо) – накта материалдык баалуулуктардын (негизги жана жүгүртүү фонддордун) колдо бар экендигин жана абалын, ошондой эле банк эсебиндеги акча каражаттарын, каражат калдыктарын, дебиторлор жана кредиторлор менен башка эсептерди текшерүү. Инвентаризация толук жана жарым-жартылай, пландуу жана күтүүсүз деп бөлүнөт. Толук инвентаризация ишкананын каражаттарынын бардык түрүн жана анын бардык эсеп-кысап алакасын текшерүүнү камтыйт. Жарым-жартылай Инвентаризация табигый азаюу белгилери бар каражат түрүн тектерүү үчүн жүргүзүлөт. Пландуу Инвентаризация календардык график боюнча жыл бою жүргүзүлөт. Күтүүсүз Инвентаризация материалдык жана акча каражаттарын орунсуз жок кылуунун жана уурдоонун алдын алат. Инвентаризацияны өткөрүү администрациянын, бухгалтериянын өкүлдөрү жана өндүрүш кызматкерлери (инженерлер, техниктер жана башкалар) кирген такай иштөөчү инвентаризациялык комиссияга жүктөлөт. КРде ишкананын мүлкүн ижарага берүүдө, сатууда, сатып алууда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык бириккен ишканаларды өзгөртүп түзүүдө; жылдык бухгалтердик отчётторду түзүүдө; материалдык жактан жоопкер адамдарды алмаштырууда; мүлктү уурдоо, кызмат абалынан кыянат пайдалануу же жараксыз абалга келүү фактылары ашкереленгенде, табигый кырсык (өрт, кыйроо жана башкалар) болгондо, ишкана же уюм кайра уюшулганда же жоюлган учурда сөзсүз Инвентаризация жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү