Индикатор - (лат. indicаtor көрсөтөм, аныктайм) — процессти же байкалуучу объектинин абалын жана анын сан жана сапат мүнөздөмөлөрүн адамдын кабыл алуусуна ыңгайлуу формада чагылдыруучу прибор, түзүлүш же элемент. Сигнал адамдын сезүү органдарына таасир этишине жараша: көрүү, акустикалык, тери сезимдик жана башкалар болуп бөлүнөт. Информациянын 90%и адамдын көрүү сезими менен кабыл алынат. Акустикалык индикатор объект начар көрүнгөндө пайдаланылат. Тери сезим Индикатору келген сигналга адамдын тез реакциясы керек болгон учурда көрүү сезими менен бирге колдонулат. Жөнөкөй түзүлүштөгү сигналдык индикаторлорго сигналдык лампа, конгуроо жана башкалар кирет. Ченелүүчү же текшерилүүчү чоңдуктардын (убакыт, аралык, багыт, ылдамдык, чыгым, температура жана башкалар) сан маанисин көрсөтүш үчүн жебелүү индикатор пайдаланылат. Сандуу индикатор информациянын так санын билдирүүчү барабан түрүндөгү эсептегич же проекциялык прибор. Көрсөтмө индикатор объектинин мейкиндиктеги абалын аныктоочу чоңдуктардын өзгөрүшүн электрон-нур түтүгүнүн экранында график же ийри сызык түрүндө көрсөтөт. Проекциялык Индикатор проекцпялоочу түзүлүштөрдөн жана экрандардан турат да татаал жана түрдүү көп маалыматтарды чагылдырат. Айкалышкан индикатор калканчтын бетпнен же оператордун пультунан көрүү үчүн кызмат кылат. Мындай Индикатор самолётторду түн ичинде кондурууга жардам берет. Индикатор илимий-изилдөө ишинде, техникада, үй-тиричилигинде кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү