Инициация - (лат. -орус. посвящение; кырг. «кабыл алуу» маанисинде) алгачкы жамааттык (общиналык) коомдо өспүрүм балдар, кыздарды чоңдордун жаш курак тобуна өткөрүү үчүн уюштурулган ритуалдык салты. Инициация кабыл алуу менен байланыштуу кеңири тараган каада-салт, жөрөлгөлөрдүн өзгөчө калып- танган системасы болгон. Инициация жаштарды уруу ичиндеги чарбалык, коомдук, никелик жана руханий турмушуна даярдоо максатын көздөгөн жана, адатта, ар түрдүү, көп учурда кыйнап- кыстаган сыноолор менен, жыныстык органынын терисин кескилөө менен, уруунун жашыруун сырларын билдирүү менен коштолгон. Бул байыркы көрүнүш иудейлерде жана мусулмандарда сүннөткө олтургузуу салты катары сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү