Иннокентий Смоктуновский

Смоктуновский Иннокентий Михайлович (28. 3. 1925-ж. т., Томский обл., Татъяновка кыш.)-орус совет актёру, СССР эл артисти (1974).

  • Красноярск театр студиясында окуган.
  • 1957-60-ж. Ленинград Чоң драма театрында (мыкты ролу - князь Мышкин, Ф. Достоевский, «Кейбир») иштеген.
  • 1973-ж. Кичи театрда падыша Фёдордун (А. К. Толстой, «Падыша Фёдор Иоаннович») ролун аткарган.
  • Кинодо 1957-жылдан тартыла баштаган.

Аткарган ролдору: Куликов («Бир жылдынтогуз күнү», 1962), Гамлет («Гамлет», 1964), Деточкин («Автомобилден сактан», 1966), Чайковский («Чайковский», 1970) ж. б. С. турмуштагы карама-каршы кырдаалдарды, трагедиялуу жана курч комедиялуу абалды сырткы сыпайылык менен аткарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.