Интерпедиа - деп биринчи жолу Интернет Энциклопедиясын аташкан. Ал жерде ар кимдин макала жазып, интерпедианын бардык барактарынын борбордук каталогуна кошууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Интерпедиа - Рик Гейтстин (Rick Gates) демилгеси болгон. Ал 1993-жылдын 25-октябрында PACS-L Listserv Коомдук Компьютердик Системалар Форумунда “Интернет Энциклопедиа” аттуу билдирүү калтырган."Интерпедиа" терминин бул теманын мурунку талкууларынын катышуучусу Р. Л. Самуэль ойлоп тапкан. 1993-жылдын ноябрында талкуу электрондук почта аркылуу жүргөн, кийинчерээк Usenet-те comp.infosystems.interpedia жаңылыктар тобу ачылган. Барактар кандай форматта болушу керек тууралуу да келиспештиктер болду - HTML, plain text же бардык форматтарга уруксат берилиши. Талкуунун башка бөлүгү - интерпедиа үчүн жазылбаган интернеттен сырткаркы ресурстар каталогго кошуу менен анын бөлүгү болуп калабы деген суроо болгон.

Андан тышкары, бир нече көз каранды эмес "Seal-of-approval" (SOAP) агентстволор да эске алынган. Алар Интерпедиа макалаларды өздөрү каалаган критерияларынын негизинде баалайт; колдонуучулар кайсы агентствонун кеңешине кулак салышын таңдай алышчу. Бул долбоор активдүү талкууда жарым жылдай жүрдү, бирок пландоо баскычынан чыкпай жок болду, мүмкүн анын себеби Дүйнөлүк Желенин жигердүү өсүшү болду.

Шилтемелер түзөтүү