Инцест (лат. in – эмес, жок, castus – жол-жосун, үрп-адат) – кан аралашуу, тар мааниде бири-бирине жакын тууган адамдардын ортосунда жыныстык байланыштын болушу. Кең мааниде жакын тууган адамдардын ортосундагы жосунсуз, ыйманга туура келбеген, экзогамиянын нормаларын бузган интимдүү союз. Мындай жорук-жосундар жана мамилелер мифологияда кеңири чагылдырылган. Убакыттык чен-өлчөм менен алганда дүйнөдөгү алгачкы жуптар болуп саналган Фу-си жана Нюй-ва аттуу ага-карындаштын (япондук мифологияда), Адам менен Еванын балдарынын (Библияда жана Куранда) ортосундагы инцест адеп-ахлак нормасынын бузулушу катары кабыл алынбайт. Аталган мифологиялык санжыра боюнча кудайлар менен адамдар инцест жолу аркылуу келип чыккан. Тарыхый маалыматтарга таянсак инцесттик никелер айрым өлкөлөрдөгү ак сөөктөрдүн ортосунда кеңири кездешкен.
Мисалы: египеттик фараондор, америкалык индеецтердин инк элинин падышалары жана башкалар Кыргыздарда айрым жагдайлар түзүлгөн учурда өлгөн аялдын бир тууган эжесине же сиңдисине үйлөнүү, же болбосо өлгөн күйөөсүнүн агасына же инисине турмушка чыгуу формасындагы инцесттер кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү