Иприт (b,b¢-дихлордиэтилсульфид, Эйч Ди, НD), S(CH2CH2Cl)2, алифаттык тиоэфир, сарымсак жыттуу, түссүз, май сымал суюктук (техникалык И. күрөң түстүү); мол. масс. 159,08; балкып эрүү t 145оС; кайноо t 217оС (ажыроо м-н); d420 1,2741; nD20 1,5293; Сууда начар эрийт (0,08 %, 20оС), орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Хим. жактан туруктуу, 1700С жогорку темп-рада ажырайт. Нуклеофилдик реагенттер менен (NuН) төмөнкү схема б-ча аракеттенет:

S(CH2CH2Cl)2 + 2NuH ® S(CH2CH2Nu)2 +2HCl Суусу жок чөйрөдө дивинилсульфиддер алынышы менен дегидрохлордонушу мүмкүн. Суу менен жай гидролизденет. Суусуз чөйрөлөрдө тиосульфаттар, карбон к-талары туздары алкоголяттар жана феноляттар менен реакцияга кирип, уулуу эмес продуктуларды пайда кылуу менен оңой реакцияга кирет. Сульфоксид жана сульфонго чейин окистенет. Күчтүү окистендиргичтер (мис., щелочтуу жана щелочтуу металлдар гипохлориттери, хлораминдери И. мол-сынын толук деструкцияланышына алып келет жана анын дегазациясы үчүн колдонулат. И. - ууландыруучу зат. Ал ар тараптуу физиологиялык таасирге ээ. Организм жалпы уулануусунун себеби, гексокиназа ферментинин И. таасиринде жок болушу, углеводдук зат алмашуунун жана биоэнергетикалык процесстери бузулушу болуп эсептелет. И. алкилдештирүү таасири анын мутагендик касиеттерин түшүндүрөт. И. организмге буу, аэрозоль жана тамчы түрүндө таасир этип, зыян келтирип, терини жаралантуучу И. минималдык дозасы 0,1 г/cм2. Тери аркылуу таасир этүүдө 70 мг/кг дозасы өлүмгө алып келет. Биринчи жолу И. Германия тарабынан ууландыруучу зат катары 1917-ж. Бельгиянын Ипр ш-нда (ошол үчүн Иприт деп аталат) колдонулган. И. сактануу үчүн противогаз жана атайын терини сактоо каражаттары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү