"Ип Ман" (англ. Yip Man) - 2008-жылы Виң Чун урушунун чебери жана Брүс Линин мугалими- Ип Мандын жашоосуна негизделип тартылган гонконгдук биографиялык уруш тасма. Тасма син-жапон согушу убагындагы Фошан шаарында орун алып, Ип Мандын жашоосун баяндайт. Тасманын режиссёру Вилсон Ип, ал эми тасмада тартылгандар Донни Йен (Ип Ман) жана уруш чебери боюнча хореограф Саммо Хаң. Экинчи пландагы ролдорду Саймон Ям, Линн Хаң, Лам Ка-туң, Кси Ю жана Хироюку Икеучи аткарышкан.

Тасма алгач жолу 2008-жылы, 10-декабрда Пекинде көрсөтүлүп, 2008-жылы, 19-декабрда Гонк-Конгдогу кинотеатрларга жайылтылган. Тасманын экинчи чыгарылышы "Ип Ман-2" 2010-жылы апрелде жана үчүнчү чыгарылышы "Ип Ман-3" 2015-жылы чыккан. "Ип Ман" Түндүк Америка жана Европанын көп өлкөлөрүндө көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан дүйнө жүзү боюнча 21 миллиондон ашуун АКШ долларын тапкан. Тасма ийгиликтерди багынткандан кийин "Гонк-Конг Кино Сыйлыгы" аземинде 12 наамга көрсөтүлүп, "Эң мыкты тасма" жана "Эң мыкты экшн хореография" сыйлыктарын утуп алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү