Иран (ир. ایران‎), расмий аталышы — Иран Ислам Республикасы (ир. جمهوری اسلامی ایران‎ - Жомхурийе Исламийе Иран) (1935-ж. чейинки расмий аталышы Фарсыстан) — Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүк-батышынан Армения, Азербайжан, түндүк-чыгышынан Түркмөнстан, чыгышынан Афганстан, Пакистан, батышынан Ирак (Курдистан), Түркия менен чектешип, түндүгүнөн Каспий деңизи, түштүгүнөн Оман жана Перс булуңдары (андагы Кешм, Харк жана башкалар аралдар ага карайт) менен чулганат.

Иран Ислам Республикасы
ир. جمهوری اسلامی ایران

Герб
Туу Герб
Урааны: «ир. اﺳﺘﻘﻼﻝ، ﺁﺯﺍﺩﻯ، جمهوری اسلامی‎»
«Эгемендүүлүк, Эркиндик, Ислам Республикасы»
Гимн: «سرود ملی اﻳﺭﺍﻥ»
Иран дүйнөлүк картасында
Расмий тили парсча
Борбор шаары Тегеран
Ири шаарлар Тегеран, Мешхед, Кереж, Тебриз, Шираз, Исфахан, Ахваз
Жогорку жетекчи Али Хаменеи
ISO коду IR
ЭОК коду IRI

Негизги маалымат

түзөтүү

Аянты 1648 миң км2. Калкы 70,5 млн (2006). Борбору Тегеран шаары Расмий тили фарсы тили. Акча бирдиги риал. Административдик - аймактык жактан 30 останга (провинцияга), остан өз ичинен 324 шахрстанга (облуска), шахрстан 740тан ашык бахшка (районго) бөлүнөт; Тегеран менен Кум шаары да остан статусуна ээ.

 

Перстер, ошондой эле күрттөр, азербайжан жана lorlar - Ирандын маанилүү этникалык топтор

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) Иран БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1960), Ислам конференциясы уюмунун (1969) мүчөсү; СААРКта жана Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу статусуна ээ.

Иран балдарды өлүм жазасына тартуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. [1]

Мамлекеттик түзүлүшү

түзөтүү

Иран – унитардык мамлекет. Конституциясы 1979-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы Ислам республикасы. 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин мамлекеттик бийлик бири-бирине көз карандысыз мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги аркылуу жүргүзүлөт. Бийликтин бул үч бутагын өлкө башчысы Ислам революциясынын башкы жетекчиси көзөмөлдөйт. Аны Аксакалдар кеңеши (дин кызматкерлери) тарабынан өмүрүнүн акырына чейин шайланат. Аткаруу бийлигинин башында президент турат, ал министрлер кабинетин жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы Ислам кеңешинин жыйыны (межлис). Ида европалык типтеги расмий саясий партиялар жок, партия деп атаган саясий кыймылдар бар, алар дээрлик ислам идеологиясына таянат. Негизгилери: «Абадгарян» («Жаратмандар»), «Күрөшчүл динаятчылар коому», «Күрөшчүл молдолор жыйыны».

Табияты

түзөтүү

Ирандын көп бөлүгү Иран тайпак тоосунун аймагында жайгашкан; анын ички бөлүгүн бөксө тоолор жана Деште-Кевир, Деште-Лут жана башкалар чөлдөр жайгашкан бийик түздүктөр ээлейт. Түндүгүндө Каспий деңизинен ойдуңдуу кууш тилке аркылуу бөлүнгөн Эльбурс кырка тоосу (бийиктиги 5671 мге чейин, Демавенд жанартоосу Ирандын эң бийик жери), түндүк-батышында Армян тайпак тоосунун чыгыш бөлүгү, түштүк-батышы менен түштүгүндө Ирандын ички аймактарын Месопотамия ойдуңунан жана Араб деңизинен бөлүп турган Загрос тоо системасы (бийиктиги 4548 мге чейин, Зерд-Кух чокусу) жана Түштүк Иран тоолору, Перс жана Оман булуңдарын бойлой Гермсир чөлү жайгашкан. Өлкөнүн түндүгү менен чыгышын Түркмөн-Хорасан жана Чыгыш Иран тоолору ээлейт. Ирандын аймагы Альп-Гималай геосинклиналь (кыймылдуу) алкагында жайгашкан. Борбордук бөлүгүндө кембрийге чейин пайда болгон айрым тоо массивдери (Борбордук Иран, Борбордук Чыгыш Иран, Лут) биригип, Борбордук Иран плитасын түзөт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүнүн климаты субтропиктик континенттик; Перс жана Оман булуңдарын жээктей ысык тропиктик. Кышы түндүгүндө жана ички аймактарында серүүн (январдын орто температурасы түндүгүндө 0°Сден төмөн, Тегеранда 2°Сге чейин), түштүгүндө жылуу (Перс булуңунун жээгинде январдын орто температурасы 22-25°С). Кышында Ирандын түндүгүнө Орто Азия жана Сибирден соккон муздак аба абанын температурасын -25°Сге чейин төмөндөтөт. Жайында бардык жеринде ысык; июлдун орто температурасы 29-32°С. Өлкөнүн ички аймактарында жана түштүгүндө аба 40-50°Сге чейин ысыйт; абсолюттук макс. (54°С) Хузстан өрөөнүндө катталган. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү өлкөнүн көп бөлүгүндө 500 ммге, Эльбурстун түндүк капталында 2000 ммге чейин, Систан чөлүндө 50 ммден аз жаайт. Дарыяларынын көбү суудан өксү. Карун, Шатт-эль-Араб дарыясында кеме жүрөт; ири дарыясы Сефидруд (Каспий деңизине куят). Ири көлдөрү Урмия жана Хамун. Чөлдүн боз топурагы басымдуу; ошондой эле коңур жана күрөң тоо топурактары кездешет. Тайпак тоо ксерофиттери, чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу; Эльбурстун нымдуу түндүк капталында нымдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Өлкөнүн аймагынын 4%ин токой ээлейт. Ираннда 130дан ашык улуттук парк, улуттук табият эстеликтери, заказник режиминдеги резерваттар уюшулган; алардын жалпы аянты өлкөнүн аймагынын 6,5%ин ээлейт. Ири улуттук парктары: Баму, Кевир, Урмия, Борбордук Эльбурс жана башкалар ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттар тармагына 9 объект киргизилген: Арасбаран, Эржан, Гено, Гүлстан, Хара, Кевир, Урмия көлү, Мианкале жарым аралы, Туран. Эл аралык маанидеги 21 суу-саздуу жер (жалпы аянты 1,5 млн га), коргоого алынган 6 деңиз объектиси бар.

Ирандын калкынын көбү иран тилдеринде сүйлөгөндөр: 38,5%и перстер, 6,9%и күрддөр, 5,6%и мазендерандыктар, 5,6%и гиляндар, 3,7%и лурлар жана башкалар (бахтиярлар, белуждар, талыштар, чараймактар). Ал эми 30%ке жакыны түрк элдери (азербайжандар 20,3%, түркмөндөр 3,2%, кашкайлар 2,4% жана башкалар). Ошондой эле арабдар (2,2%), хазарейликтер, цыгандар, армяндар, ассириялыктар, грузиндер (ферейдандар) жана башкалар да жашайт. Калкынын жылдык орто табигый өсүшү 1,55%. Төрөлүү 1000 адамга 16,6 бала, өлүм-житим 5,7 киши. 15 жашка чейинки балдар 23,2%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-64 жаштагылар) 71,4%ти, 65тен ашкандар 5,4%ти түзөт. Орто жыштыгы: 1 км2 жерге 43 киши; эң жыш жайгашкан жерлерп: Тегеран останы (12 км2 жерге 713 адам туура келет), Кум (90), ошондой эле Каспийдин жээгин бойлой (Гилян останында -172 адам, Мазендаранда 123, Голстанда 80). Өлкөнүн калкынын 1/4и 7 шаарда отурукташкан: Тегеран (калкы 7186 миң, агломерациясы менен 13 000 млндон ашык), Мешхед (2,5 млн), Исфахан (1,6 млн, агломерациясы менен 2,9 млндон ашык), Кереж (1,6 млн, Тегерандын агломерациясына кирет), Тебриз (1,5 млндой), Шираз (1,3 млн), Кум (1,1 млн). Ирандын калкынын 98%тейи мусулмандар; андан ичкери шииттер 89% , сүннөттөр 9% .

Тарыхы

түзөтүү

Ирандын аймагында адам төмөнкү палеолиттин аягында эле жашай баштаган. Биздин заманга чейинки 4-3-кылымдын башында шаар-мамлекеттер пайда боло баштаган. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Иран жергесине иран тобундагы (диалектилерде сүйлөгөн) көчмөн инди-европалык уруулар келген. Кийин алар жергиликтүү калкты өзүнө сиңирип алган. Биздин заманга чейинки 670-жылдарда Мидия падышалыгы келип чыккан. 550-ж. Мидия Ахемениддер династиясына кирип калган. Биздин заманга чейинки 550-330-ж. Ирандын аймагын Ахемениддер династиясы бийлеп турган. Ахемениддер мамлекетпн биздин заманга чейинки 330-ж. Александр Македонский басып алган. Ал өлгөндөн кийин Иран аймагы Селевкпддер мамлекетинин курамына кпрген. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын ортосунда аймакта Парфия падышалыгы түзүлүп, ал биздин заманга чейинки 2-кылымда бүткүл Иранды, Месопотампяны, Арменпяны баш пйдпрген. Биздин замандын 3-кылымда бүлүнгөн Парфиянын негизинде Сасаниддер мамлекети түзүлгөн. Ал мезгилде (3-7-к.) кул ээлөөчүлүк түзүлүш начарлап, алгачкы феодалдык мамлекет пайда болгон. 651-ж. Сасаниддер мамлекетпн арабдар басып алып, Араб халпфатына кошкон. Өлкөдө ислам дини тарай баштап, 10-кылымда калктын көпчүлүгү ислам динин кабыл алган. 7-кылымдын аягынан араб үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүштөр (Абу Муслим, Сумбад Маг, Бабек жана башкалар) чыккан. 11-кылымда сельжуктар каратып алып, бүткүл Иран жана ага чектеш өлкөлөрдүн аймагында Селжуктар мамлекетин түзгөн. 1220-ж. моңголдор басып кирген. 13-кылымдын ортосунан 14-кылымда Хулагулар мамлекетине, 1380-93-ж. Тпмурдун пмперпясына караган. Кичи Азпядан чыккан көчмөн түрк уруулары (кызыл баштар) 1501-10-ж. Иранды каратып, Сефевплер мамлекетинин түзүлүшүнө негиз салган. Алардын шахы Аббас 1нин реформалары борбордук бпйлпктп чыңдап, Ирандын абалын жакшырткан. 17-кылымдын аягынан Севефиддер мамлекетинин саясий-экономикалык жактан начарлашы афгандардын 1722-ж. өлкөнүн борбор калаасы Исфаханды басып алышына алып келген. 1723-ж. И-дын, түндүк-батыш жана борбордук аймактарына түрктөр басып кпрген. Баскынчыларга каршы согушту жетектеп, 20-жылдардын аягы 30-жылдардын башында афгандар менен түрктөрдү өлкөдөн кууп чыккан кол башчы Надир-хан (Надир шах Афшар; 1736-47) такка көтөрүлөт. Ал өлтүрүлгөндөн кийин ал түзгөн держава хандыктарга бөлүнүп кеткен. 19-кылымда орус-иран согуштарынын жыйынтыгында, Закавказье Росспянын курамына кошулган. 19-кылымдын аягынан 20-кылымдын башында Иран Улуу Британия менен Россиянын колониялык экспансиясынын негизги объектисине айланып, көп узабай эле жарым колонпяга айланган. Элдин нааразылыгы күч алып, Иран революциясынын (1905-11) башталышына өбөлгө түзүлгөн. Анын жүрүшүндө констптуцпя жарыяланып, межлпс (парламент) чакырылган. Бирок росспялык, англиялык бириккен күчтөр аркылуу революция басылган. 1921-ж. РСФСР менен Ирандын ортосунда диилимий мамилелер түзүлөт. 2-дүйнөлүк согушта ермания Ирандын аймагына кирип, СССРге каршы аракеттерди жүргүзө баштаган. Буга каршы англиялык жана советтик аскерлер Иранга киргизилген (1945-46-ж. чыгарылган). Согуштан кийин Мохаммед Реза-шах Пехлевинин (1941жылдан шах) жүргүзгөн батышка багытталган саясаты калк ичинде нааразылык туудуруп, Иранда Ислам төңкөрүшү башталган (1979). Реза-шах Пехлеви өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1979-ж. Референдум өткөрүлүп, Иран Ислам Республика жарыяланган. Аятолла Хомейни Ирандын башкы жетекчиси болуп калган. Жылдын аяк ченинде Ирак менен мамилелер курчуп, 1980-ж. Перс булуңундагы үстөмдүк үчүн согуштук конфликттер жаралат. 1989-ж. тынчтык макулдашууларга кол коюлат. Ошол эле жылы, Хомейни өлгөндөн кийин өлкөнүн башына аятолла Сейед Али Хаменеи, президент аралы А. Хашема-Рафсанжаникке 1997-, 2001-жылдардагы президенттик шайлоодо Сейед Мохаммед Хатами жеңген. 2005-ж. М. Ахмдинежад президенттикке келип, 2009-ж. 2-мөөнөткө шайланган. Ирандын тышкы саясатындагы негизги көйгөйлүү маселелердин бири Иран ядролук программасы боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу. Өлкөдө уран кендеринин ачылышы тынчтык максатта атом энергетикасын өнүктүрүү, ошондой эле ядролук куралданууга да мүмкүнчүлүк түзгөн. АКШ жана анын союздаштары БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына таянып, Ирандан атом энергетика жана уранды иштетүүчү объектилердин курулушун токтотууну талап кылууда. Бирок, Иран ядролук программанын тынчтык мүнөздө экенин көрсөтүп, бул талаптарды аткаруудан баш тартууда.

Чарбасы

түзөтүү

Иран – экономикасы тез өнүгүп жаткан өлкө. Нефть казып алуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. ИДП көлөмү 852,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүшгүргөндө 12 300 доллардан гуура келег (2007). Жаңы Азадеган жана Ядаверан Нефть-газ кендери ачылгандан кийин Ирандын дүйнөлүк нефгинин запасындагы үлүшү 11,1%ги, газдыкы 15,4%ги гүздү (2005). Нефть жана газды казып алуу мамлекеггин көзөмөлүндө. Нефть казып алуу боюнча (194,6 млрд т) дүйнөдө 3-орунда (Россия жана Сауд Арабиясынан кийин). Нефть казып алуучу негизги аймакгары: өлкөнүн гүшаары-багышы (Хузсган, Бушир осгандары) жана Перс булуңунун шельфи. Нефть экспорггоо боюнча Иран дүйнөдө 3-орунда. Нефть экспорггоочу ири герминалдары Перс булуңунун аралдарында (Харк, Лаван, Сирри, Ларек жана башкалар) жайгашкан. Газ өндүрүү боюнча (110,8 млрд м3; 2005) Россиядан кийинки 2-орунда. Газ өндүрүүчү негизги аймагы Перс булуңунун шельфи; эң ири кени Түштүк Парс. Көмүр жылына 2 млндон ашык казылып алынат. Элекгр энергегикасы гез гемп менен өнүгүүдө; 2006-ж. 173,3 млрд кВт-с элекгр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91,6%и ЖЭСке, 8,3%и ГЭСке, 0,1%и калгандарына (негизинен шамал энергия курулмасына) гуура келег. Уран казылып алынып (Сагенд кени), байыгылаг. АЭС (Буширде) жана геогермия (Мешгиншехрде) сганцияларынын курулушу аякгоодо (2008). Ирандын элекгр линиялары Азербайжандын, Армениянын, Түркмөнсгандын жана Түркиянын элекгр сисгемалары менен гугашкан. Жалпы кубаггуулугу 70 млн тдан ашкан Нефть ажырагуучу 9 завод ишгейг. Ирандын кара мегаллургиясы Жакынкы жана Оргоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн ичиндеги эң ири өндүрүшаары 2005-ж. жылына 5 млн т темир кенгашы, 9 млн тдан ашык болог, 2,3 млн т чоюн өндүрүлгөн. Бул гармакгын негизги продукциялары: каңылгыр прокат, труба, зым, жеңил жана оор профиль, курулуш армагуралары жана башкалар Түстүү металлургияда жез жана алюминий өндүрүшүнүн мааниси зор. Серчешме жез кенгаш кени дүйнөдөгү ири кендердин бири; кенташгын курамында ошондой эле молибден, күмүш, алгын да бар. Мейдук жез кени да маанилүү. 2005-ж. 365 миң т боксит казылып алынган. Алюминий өндүрүүчү ишканалары Эрак, Бендер-Аббас шаарында жайгашкан. Коргошун-цинк, алгын кендери казып алына башгады. Химия өнөр жайнда башкы орунду Нефть-химия ээлейт; анын негизги продукциялары: эгилен, полиэгилен, полипропилен, поливинил-хлорид, аммоний, күкүрт, күкүрт кылымгасы, автомобиль шинасы, резина-техникалык буюмдар жана башкалар Өнөр жайынын маанилүү тармакгарынын бири машина куруу; 21-кылымдан башгап авгомобиль куруу тез темп менен өнүгүүдө (ИДПнин 4%тен ашыгын түзөт). Анда негизинен жеңил авгомобиль («Peikan» жана башкалар) куруу, автомобиль кураштыруу жана анын тетиктерин чыгаруу иштери жүргүзүлөт. Жалпы авгогранспорг каражаттарынын өлчөмү 1 млн бирдикке жакын (2006). Авиация жана кеме куруу өнөр жай граждандык жана аскердик продукцияларды чыгарат. «Иран-140» самолёту өлкө ичиндеги каттамдарды тейлейт. Аскердик продукцияларды чыгаруучу 40 завод иштеп, алар азыркы куралдын жана аскер техникасынын бардык түрүн (аргиллерия куралы жана ракетасы, курал, окылымдары, танк, зогголгон транспортёр, аскер кемеси, вертолёт жана башкалар) чыгарат. Курулуш материалдар өнөр жайынын башкы тармагы цемент өндүрүшү (2006-07-ж. 40 млн т даярдаган). Өлкө цементти Ирак, Кувейт, Бириккен Араб Эмирликгери, Афганстанга сатат. Жеңил өнөр жайынын өнүккөн тарматы текстиль өнөр жай; кебез жана жүн кездеме 100дөн ашык фабрикада чыгарылаг. Ошондой эле булгаары-бут кийим, тигилүү кийим, трикотаж буюмдарын чыгаруучу ишканалары да бар. Тамак-аш өнөр жайнда кант, күрүч акгоочу, ун тартуучу, мөмө-жемиш, жашылча консервалоочу, балык ишгегүүчү ишканалары кеңейүүдө. Ирандын экономикасында майда кол өнөрчүлүк промыселдеринин мааниси зор; айрыкча кол менен гокулган иран килеми дүйнөгө белгилүү (килемдин бир жылдык экспорттук баасы 500-600 млн долларды түзөт). Өлкөнүн азык-түлүккө болгон мукгаждыгын айыл чарба голук канааггандыра албайг; ошондукган азык-түлүктүн 10%тен ашыгын (андан ичкери өсүмдүк майынын 90%ин, күрүчгүн 30%ин) сырттан сатып алат. Айыл чарбана жарактуу жери 51 млнго жакын, анын 17,1 млн гасы иштетилип, анын 15,3 млн гасы айдалат, 1,8 млн гасы бакылымдарак жана питомниктер. Чарбасынын 70%тен ашыгын 5 гага чейин жери бар (22%) майда чарбалар түзөт; 5-10 га жери барлар 21,5%, 10-50 га жердүүлөр 44%, 50 гадан ашык жери барлар 12,5% жерди ээлейт. Дыйкан чарбалары 7000ден ашык түрдүү кооперативдерге биригип, айыл чарбасында иштегендердин 80%ин камтыйт. Кооперативдер дыйкандарды жеңилдетилген банк кредиттери, өсүмдүк уруктары, айыл чарба техникасы, отун, керектелүүчү товарлар менен камсыз кылып, ошондой эле продукцияны сатууну уюштуруп берет. Өлкөнүн айыл чарбанын негизги тармагы өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү дан эгиндери: буудай (2006-07-ж. 12 млн тдан ашык түшүм жыйналган; экспортко да чыгарат), шалы (1,6 млн т; Каспий боюнда), арпа (жылына 3 млн т); техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (5 млн т) жана балкамыш (5,9 млн; негизги плантациялары Хузстан останында), тамеки (22 миң т), чай (көк чай; 134 миң т; негизинен Каспий бою), пахта аянты кескин кыскарууда, аны негизинен сырттан сатып алат. Бакчылык (анар, өрүк, алма, алмурут, цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы, кайналы, анжир, курма) жана жүзүмчүлүк (айрыкча Ширазда) өнүккөн. Картөшкө, жашылча (пияз, баклажан, томат, бадыраң, капуста, сарымсак, калемпир жана башкалар), бакча (коон, дарбыз) өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Маанилүү экспорттук айыл чарба товарлары: анар, курма, мейиз, кактар, мисте, шафран жана башкалар Куш чарбалары тез темп менен өнүгүүдө. Мал чарбасы негизинен эт багытында; 2002-ж. 54 млн кой, 26 млн эчки, 9 млн бодо мал, 0,4 млн төө, 0,55 млн буйвол, 0,3 млн жылкы болгон. Каспий боюнда жибекчилик өнүккөн. Каспий деңизинен жана Ормуз булуңунан балык кармалат. Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы банкфинансы системасы; Иран Борбордук банкы, 6 коммерциялык, 4 адистешкен банк иштейт; алар негизинен мамлекетке карайт. Майда соодагерлер жана кол өнөрчүлөр синфке (гильдияга) бириккен. Чекене жана дүң сооданын негизги борборлору үстү жабык базарлар. Тарыхый эстеликтеринин көптүгүнө карабай чет өлкөлүк туризм анча өнүккөн эмес. Эс алуу туризминин өнүгүүсүнө исламдык чектөөлөр кыйла тоскоолдук кылат. Жыл сайын Иранга 1,7 млн чет элдик турист келет (алардын 40%и Орто Азия жана Закавказье өлкөлөрүнөн келгендер). Туризмдин негизги түрлөрү: диний-зыяратчылык (борборлору: Мешхед, Кум), маданий-таанып билүү (Исфахан, Шираз, Йезд, Тебриз, Тегеран жана башкалар). Эң белгилүү деңиздик ден соолук чыңдоо, эс алуу борбору Киш аралы.

Транспорттун негизги түрү автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 179,4 миң км (андан ичкери 120,8 миң кми асфальтталган); негизги автомагистралдары: Түркия менен чек арасы /Базерган Тебриз Тегеран Мешхед Догхарон/Афганстан менен чек арасы; Пакистан менен чек арасы/Захедан Керман Йезд Кум Хамадан Хосрови/ Ирак менен чек арасы; Тегеран Кум Исфахан Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Темир жолунун узундугу 8,4 миң км (анын 146 кми электрлештирилген). Ирандын негизги темир жол магистралдары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу менен туташтырган Трансиран (Бендер-Торкемен Тегеран Бендер-Имам-Хомейни) магистралы: Тегеран Тебриз Жульфа, Тегеран Мешхед Кум Бад Исфахан, Бад Йезд Бафк Керман Бам, Бафк Бендер-Аббас, Мешхед Серахс/Түркия менен чек ара. 2005-ж. Бафк Мешхед темир жол курулгандан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту менен түз байланышууга шарт түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн темир жол линиялары курулууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть жана нефть продуктулары, кенташ, металл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. Ирандын желеги менен башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боливия жана башкалар өлкөлөрдүн желеги менен Ирандын 33 соода кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомейни, Харк; Каспий деңизинде Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун дарыясы менен кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз шаарында жайгашкан. Мамлекеттик ири авпакомпанпясы «Iran Air». Жер бети жана суу асты менен өткөн куурларынын жалпы узундугу 34,4 миң км; анын 17,1 миң кми газ кууру, 8,5 миң кми нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз Эрак Тегеран, Гечсаран Шираз, Агажари Исфахан Тегеран, Саркан Керманшах, Нефт-Шехр Керманшах, Тегеран Тебриз, Тегеран Мешхед, Нека Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кендерден нефтини порт терминалдарына жеткирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экспорттук газ кууру (Тебриз Базерган Анкара) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз Мегри Хажаран Арарат) курулууда (2008). Тегеранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфахан шаарында курулууда (2008). Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд долларды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; ошондой эле сыртка нефть-химия, химия, автомобиль өнөр жай продуктулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра жана башкалар сатат. Сырттан сырьё жана матерпалдарды, өнөр жай үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нпдерланд, Россия.

Маданияты

түзөтүү

Өлкөдө билим берүү мектептен тартып, ЖОЖдоруна чейин акысыз жүргүзүлөт. Ири ЖОЖдору Исфахан, Мешхед, Шираз, Тебриз жана Тегеран шаарларында жайгашкан. 1983-ж. алгачкы жеке менчик университет (Эркин ислам университети) ачылган. Ири китепканалары: Улуттук китепкана (1935-ж. негизделген), Пехлеви китепканасы (1965) жана ЖОЖдордогу кптепканалар жана башкалар Булардан тышкары, ири мечит, медреселерде китепканалар бар, андан ичкери айрыкча Мешхеддеги Реза имам мечитинин китепканасында 10 миңге жакын байыркы кол жазмалар сакталган. Тегерандагы Улуттук китепканада Иран тарыхы боюнча бай материал (Кажар дпнастпясынын учуруна таандык мамлекеттик документтер) топтолгон. Ири музейлери: көркөм (1894-жылдан, Голстан сарайында), улуттук (1937; 1987-ж. чейин Ирандын байыркылык музейи), улуттук пскво (1930), килем (1978) музейлери жана башкалар. Иранда табият илимдери исламга чейин Сасаниддер (3-7-к.) мезгилинде жогору өнүккөн. Бул мезгилге таандык математика, астрономия, медицина, айыл чарба, ветеринария боюнча сирия, пехлеви тилдериндеги китептер сакталган. Илимдин (айрыкча географиянын) өнүгүшүнө Иран Аббасиддер халифатына карап турганда (8-11-к.) жакшы шарттар түзүлүп, аль-Бахи, аль-Истахринин география боюнча эмгектери белгилүү болгон. Бул мезгилде медицинада (ар-Рази жана Ибн Сина), математикада (Омар Хайям) да кыйла ийгиликтер жаралган. Байыркы философиялык ой-пикир диний жазма булактарда сакталган. 3-7-кылымда Иранда байыркы грек окуусу, асыресе неоплатонизм философиясы кеңири тараган. Тил илими бай лексикографиялык салтка эгедер. Фарсча жазылган түшүндүрмө сөздүктөр 11-кылымдан эле белгилүү. 1940-ж. чыккан «Фарс энциклопедиясынын» кириш сөзүндө 202 сөздүк болгону эскерилет. Байыркы ар.-фарсча сөздүктөрдүн бирин («Мугаддадимад аль-адаб») хорезмдик Абдулкасим-Мухаммед аз-Замахшари 12-кылымда түзгөн. 19-кылымда илимдин өнүгүшүнө Эмир Незамдын реформасы (1859-51), Тегеранда политехникалык мектептин ачылышы, Иранга чет элдик плпмпоздордун чакырылышы, жаштардын чет өлкөлөргө окууга жиберилиши өбөлгө түзгөн. 20-кылымдан тартып илимий-изилдөө жакшы жолго коюлган. Ирандын байыркы, айрыкча орто кылымдагы адабияты иран (фарсы, пушту, күрд жана башкалар) жана түрк (өзбек, түркмөн, азербайжан жана башкалар) тплдерпнде, ошондой эле айрым инди тилдеринде өнүккөн. Араб халифатына кошулгандан кийин (7-к.), араб тили Иран адабиятынын негизги тилине айланган. 9кылымдан араб тилиндеги адабият менен катар фарсы тилиндеги адабият өнүккөн. Фарсы-дари адабий тили жана Иран классикалык поэзиясынын негизги жанрдык формалары (рубап, казал, касыйда, месневи, кыта) айрыкча Рудакинин чыгармалыгында биротоло калыптанган. 10-кылымдын 1-жарымынан башталган ыр түрүндө эппкалык жыйнак жазуу Фирдоусинин айтылуу «Шах-намеси» менен аяктаган. Фарсы тилиндеги гуманисттик адабияттын өсүп жеткен чеги Омар Хайямдын рубаилери, Хаканинин касыйдалары, азербайжан акыны Низаминин чыгармалары болгон. Моңгол баскынчылыгынан (1220-56) бошонгондон кийин, 13-кылымдын 2-жарымы жана 14-кылымда Ирандын классикалык адабияты кайрадан өнүгүп, Амир Хосров Дехлеви, Саади, Хафиз жана башкалар акындар чыгармаларын жараткан. 15-кылымда өзбек акыны Алишер Навоинин окутуучусу жана досу Жаминин фарс тилинде жазган чыгармалары классикалык жеткилеңдиктин жогорку чегпне жеткен. Мурда фарс адабиятынын чегинде бир нукта өнүгүп келген Иран адабияты 16-кылымда экиге бөлүнө баштаган: азербайжан, өзбек, түрк жана башкалар элдер адабиятын өз тилинде жазууга өткөн. 20-кылымдын 20-жылдары Тегеранда Иран адабпй коому (Акылман Низами коому) түзүлгөн. 1979-ж. Иран революциясынан кийин жазуучулардын бир бөлүгү эмиграцияга кеткен. Өлкөдө ислам дөөлөттөрүн тастыктаган патриоттук адабият өнүгүүдө (М. Солеймана, М. Михмалбаор жана башкалар). Чет жактагы фарсы тилдүү адабият улуттук салттар менен тыгыз байланышын сактап, Ирандагы адабиятка да таасир тийгизүүдө (Исмаил Фасиха, X. Шакани). Биздин заманга чейинки 5-4-миң тургун жайлардан адамдардын, жаныбарлардын чоподон жасалган сөлөкөттөрү, оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, чебер иштелген металл буюмдар табылган. Ирандын аймагындагы искусство эстеликтери байыркы доорго таандык. Түштүк-Батыш Ирандан биздин заманга чейинки 3-2-миң жылдыкта Элам падышалыгынын искусствосунда Вавилон-Ассирия маданиятына жакын болгон. Мидия падышалыгынын тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымы) мыкты имараттар курулуп, фасаддары оймолонгон таш күмбөздөр, Ахемениддер доорунда (биздин заманга чейинки 6-4-к.) кедр менен жабылган ападана салтанат залдары (Пасаргады, Персеполь), түбү коңгуроо сымал негизге орнотулган өгүз, жолборс баш түркүктүү имараттар (Персеполь, Сузы) арбын салынган. Сасаниддер доорунда шаар куруу маанилүү орун ээлеген. Айрыкча көркөм сүрөт өнөрү жогорку деңгээлге жетип, падыша аңчылыгы жана тойтамаша сүрөттөрү менен кооздолгон алтын, күмүш идиштер кеңири тараган. Арабдар басып алгандан кийин (7-к.), Иранда көп чеп шаарлар, мечиттер, мунаралар, медреселер, күмбөздөр, мончолор, кербен сарайлар курулган. 8-13-кылымда аңчылык жана ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймелеринен фрагменттер, ошондой эле миниатюралар сакталган. 15-16-кылымда көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), кийинчерээк европалык сүрөт тартуу ыкмаларынын таасири байкалат. Севефиддер доорунда (16-18-к.) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Мешхед, Тебриз). 17-кылымдын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан жана башкалар эски кол өнөрчүлүк борборлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, баркыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металлды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт өнөрүндө акварель менен май боёк живописи пайда болгон. 20-кылымда архитектура жана сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги мекемелер, турак жай жана колдонмо өнөрүнүн салттуу түрлөрү ары өнүгө баштады. Ирандын профессионалдык (классикалык) жана элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), теране (жергиликтүү ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик музыкалык аспаптары саз, тар (чертме кыл аспап), кеманча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үйлөмө), зарб (урма). Иран музыкасында 15-кылымдан нота жөнүндө маалымат кездешет. 19-кылымдын 2-жарымынан европалык музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя коллежинде музыкалык мектеп негизделген. 20-кылымдын 20жылдары комп., тарыхчы, Тегеран университетинин профессор Али Наги Вазири улуттук музыканы окутууга жол ачып, музыкалык теория жөнүндө китеп жазып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 30-жылдардын башында Тегеранда музыкалык жогорку мектеп (40-жылдын акырынан консерватория) жана музыкалык мектептер иштейт. 20-кылымдын белгилүү музыканттары, дирижёрлор Фархат Мешкат, Хешмат Сенжера; пианисттер Г. Эмир Хосрови, Э. МеликЭсланян; скрипачтар Али Форуг, аралы Авакян; опера ырчылары Хосейн Саршар, Менир Вакили жана башкалар Иранда Рудаки атындагы Опера-балет театры (1967), телекөрсөтүү менен филармониянын балет труппасы (1953), симфониялык оркестрлер жана камералык консерватория бар. 20-кылымдын 20-жылдарына чейин жер кыдырып оюн көрсөтүүчү актёр-маскарапоздор болгон. 1883-ж. Тегеранда европалык үлгүдөгү театр ачылган. 1920-жылдан кийин тазийе аталган жанрды аткаруучуларга тыюу салынып, театрлар жабылгандан кийин театр топтору жана союздары пайда болгон. Эң белгилүү топ Иран комедия (1921) Тегеранда биринчи театр мектебин ачкан (1939). 1940-жылдарда Тегеранда бир нече театр ачылып, 60-70-жылдар Иран театрынын гүлдөгөн мезгили болду. 1979-жылкы Иран революциясынан кийин Тегерандагы варьете театры жабылган, театрда ролдорду аткарууга эркектер гана катышса жана спектаклдердин мазмуну исламдын шарттарына туура келсе гана коюуга уруксат берилген. 20-21-кылымдын чегинде салттык театрды жандандыруу менен катар европалык заманбап тажрыйбаларга да көңүл бурулуп, улуттук салттарды заманбап көйгөйлөр менен айкалыштырууга аракеттер болууда. Иранда биринчи көркөм фильм «Аби Раби» (режиссер аралы Эханиан) 1929-ж. коюлган. 1954-ж. Ирандын мыкты фильмдеринин бири «Порт уурусу» (режиссер аралы Ширази) фильми экранга чыккан. 1970-жылдарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция ЭКФтин сыйлыгын), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), аралы Надери («Тангсир», 1973) фильмдери дүйнөгө таанылган. Ревяга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге жетишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жоболоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыскартылып, жергиликтүү киностудиялардын продукциялары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жылдардан кино өндүрүшү жанданып, Ирандын фильмдери ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: аралы Кияростами, «Алчанын даамы», 1997, Канныда ЭКФтин башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоолук», 1995, Локарнодогу ЭКФтин сыйлыгын; С. Макмалбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы ЭКФтин сыйлыгын жана башкалар көркөм фильмдери эл аралык кинофестивалда башкы байгелерге татыган. Иранда биринчи гезит 1835-ж. басылган. 2006-ж. Иранда 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Негизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эттелаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Абрар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоуктуруу 1940-ж. башталган. 2005-ж. 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жылдардан иштейт, берүүнү өкмөттүк Радио жана теле «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму көзөмөлдөйт. Мамлекеттик Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жана башкалар маалымат борборлору иштейт.

Булактар

түзөтүү