Мухамбет Исаев

Исаев, Мухамбет‎»‎ барагынан багытталды)

Исаев Мухамбет (1919, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кабак айылы — 1976, ошол эле жер) — Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун 1-катчысы (1954—60). 1939- жылдан КПСС мүчөсү.
1930— 35-ж. Жети-Өгүз районундагы "Төрткул" колхозунда иштеген, Пржевальск шаарындагы эсепчилик курсун, 1940-ж. Республикалык партиялык мектепти, 1945-ж, ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык уюштуруучулар мектебин, 1949-ж. Кыргыз мамлекеттик пединститутун бүткөн.
1936—38-ж. Жети-Өгүз районундагы "Төрткул" колхозунда эсепчи, комсомолдун Жети-Өгүз райкомунун 1-катчысы, 1938—40-ж. Ысык-Көл окружкомунун жетекчи комсомолдук органдар бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын сектор башчысы, 1940-ж. Кыргызстан ЛКЖС Пржевальск шаардык комитетинин 1-катчысы, 1941—43-ж. Ысык-Көл облусунун "Көк-Мойнок" совхозунда саясий бөлүмдүн начальниги, Кыргызстан ЛКЖС БКнын 2-катчысы, 1945—48-ж. 1-катчысы, 1948-ж. Кыргызстан КП БКнын партия, профсоюз, комсомол органдары бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1949-54-ж. Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасында айыл чарба продуктуларын даярдоо, андан кийин кадрлар боюнча төраганын орун басары, 1960-жылдан Кыргыз ССРинин ички иштер министри болуп иштеген.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1947—51, 1955—63). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.