Аманбаев Исирадин — 1964-жылы 16-мартта Кара-Кулжа районунун, Көңдүк айылында төрөлгөн

  • 1980–1984-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетин
  • 1988–1995-жж. Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган.
  • 1984–1988-жж. орто мектептерде мугалим, 1995–1998-жж. Кыргыз-Түрк лицейинде искусство бөлүмүнүн башчысы, 1998–2001-жж. Билим, илим жана маданият министрлигинде жетектөөчү, башкы адис, 2000-жылдын 8-майынан 28-июнуна чейин Анкара шаары/Анкара шаарында ТЮРКСОЙдун чакыруусу менен такшалмадан өтүп, түрк тилин үйрөнүүнүн толук курсун аяктаган. 2001–2003-жж. Ош облусунун Маданият департаментинин директору, 2003–2007-жж. Ош облустук Маданият башкармасынын начальниги, 2007–2009-жж. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, 2008-2011 ж.ж Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси болуп иштеген. 2011-2022-ж.ж Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектеп интернатынын директору, 2023-жылдын 2-мартынан тартып Чүй облустук камералык оркестринин директору болуп иштеп келүүдө.
Исирадин Аманбаев
Негизги маалымат
Туулган датасы

16 -март 1964(1964-03-16) (60 жаш)

Туулган жери

Көңдүк, Кара-Кулжа району, Ош облусу, СССР, (Кыргызстан)

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, обончу

Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын жана комуз күүлөрүнүн автору. 1992-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 2021-ж.Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардактуу наамы менен сыйланган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «Нестан-Дарежан» с. Э.Мамытовдуку,
  • «Соң-Көл баяны» с. Э.Мамытовдуку,
  • «Тоолук кыз болду периштем» с. А.Барпиевдики,
  • «Мөл-Булак» с. Т.Жороевдики,
  • «Ай-Жарык» с. М.Алыбаевдики,
  • «Ай-гитара» с. А.Кыдыровдуку,
  • «Жетиген» с. К.Култегиндики,
  • «Ош түнү» с. А.Өмүркановдуку,
  • «Мен сизге гана ашыкмын» с. Акмаралдыкы,
  • «Үркөр» с. А.Рыскуловдуку,
  • «Көл түнү» с. А.Токтомушевдики,
  • «Сулайман тоо» с. К.Култегиндики,
  • «Айданек» с. К.Култегиндики,
  • «Сагынба мени» с. Ж.Зарлыкбековдуку,
  • «Жолугалы Ак-Бууранын боюнан» с. Т.Мияшевдики,
  • "Кошуна кыз"с.А Омуркановдуку
  • "Менин Шахрезаадам"с Ш.Дуйшеевдики

* "Барнайым" с.Б.Алыкуловдуку ж.б.

         Комуз күүлөрү:

1."Кел-кел" 2."Жан кайрык" 3."Күн жүрүш" 4."Өмүр өксүгү"

Симфониялык поэма -"Майдан". түзөтүү

Аспаптык-камералык чыгармалар: түзөтүү

  • Фортепиано үчүн соната
  • Yйлөмө аспаптар үчүн жазылган квинтет
  • Скрипка үчүн жазылган вариация, фортепианонун коштоосунда
  • Фортепиано үчүн жазылган пьесалардын циклдери.
  • Фортепиано үчүн жазылган рондо.

ж.б.

Дисктери түзөтүү

«Соң-Көл баяны», «Төкчү жамгыр», «Өттү күндөр» (Д.Жалгасынова), «Ай гитара» (К.Турапов), «Нестан-Дарежан» (Дүйшөналиев), «Кайдасын сен, Нестан-Дарежан» (фильм концерт-2007-ж. И.Аманбаев)

Ноталуу китептери: түзөтүү

  • Мөл-Булак: Ырлар топтому, 1992-ж.
  • Тоолук кыз болду периштем: Ырлар топтому, 2004-ж.
  • Эл жерди сактайбыз, Эл үчүн биз даяр, 1990-ж. («Кыргыз милицияларынын маршы»)
  • Издеп келем, 1987-ж. («Ыр менен жолугушу»)
  • Соң-Көл баяны, (2007-ж.)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын обончулары.Маалымдама/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4