Исмаилова, Айгүмүш (Айгүмүш Аксы)


Жазуучу, журналист, драматург, котормочу Айгүмүш Исмаилова Аксы районунун Ак-Жол айылында 1950-жылы 1-январда туулган. 1983-жылы Ош педагогикалык институтунун филология факультетин, 1993-жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1977–1987-жж. Ош облусунда орто мектепте мугалим, 1987–1991-жж. Бишкектеги РПНДда педагог-дефектолог болуп иштеп, «Кыргыз Руху», «Акыйкат жарчысы» гезиттеринде штаттан тышкаркы кабарчы болуп кызматташкан. 1991–1996-жж. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында директор жана көркөм жетекчи болгон. Ал Айгүмүш Аксы деген энчиленме ат астында, орус жана кыргыз тилдеринде жазат. Ал көркөм өнөр, драматургия жана философия, гендер темаларына арналган макалаларды, эсселерди жазып келет. Драмалык чыгармалары Караколдун (1988-ж.), Нарындын (1989-ж.), Оштун (1991-ж.), Жалал-Абаддын (1992-ж.), Бишкектин (1993-ж.), Өзгөн элдик театрларынын (1988-ж.) жана Чолпон-Ата шаарынын (1989-ж.) театрларынын сахналарында коюлган. Анын жети китептен турган философиялык-поэтикалык «Жемчужины мысли» аттуу чыгармасынын компьютердик варианты интернетке киргизилип, өзбек тилине которулган. Филология илимдеринин кандидаты, аялдардын демократиялык кыймылынын активдүү катышуучусу, Кыргызстан аялдар Конгрессинин мүчөсү. 1992-жылдан Театр ишмерлер союзунун, 1993-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Исмаилова Айгүмүш
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Исмаилова Айгүмүш
Туулган жылы: 1950-жылы 1-январь
Туулган жери: Ак-Жол айылы, Аксы району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: драматург, Жазуучу

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Жаңырык: Өспүрүмдөр үчүн, повесть жана аңгемелер. – Ф. Адабият, 1990. – 112 б.
  • Акыл жана накыл: Прозадагы ыр. – Жалал-Абад, 1994. – 120 б.
  • Сагын Акматбекованын көркөм дүйнөсү. – Б., Акыл, 2004. – 221 б.
  • Эчкинин эрдиги: Драма-жомок. Б.: Визит, 2007. – 34 б.

Орус тилинде түзөтүү

  • Любовь и смерть. – Б.: Кыргызстан, 2002. – 58 с.
  • Утром будет дождь опять: Драма. – Б.: Академия наук, 2003. 90 с.
  • Мещанская трагедия. Б.: Академия наук, 2003. 62 с.
  • Жемчужины мысли: Аффоризмы. Б.: Визит, 2003. – 70 с.
  • Цветок мудрости: Аффоризмы. – Б.: Визит, 2004. 47 с.
  • Коза героиня: Сказка. – Б.: Академия наук, 2007. 35 с.
  • Сила нисходящая: Афоризмы. Б.: Библиотека им. А.Осмонова, 2009. 85 с.
  • Бабушкины сказки. Б.: Автогид, 2009. 60 с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү