Чынара Исраилова

Исраилова, Чынара‎»‎ барагынан багытталды)

Чынара Исраилова, Чынара Рыскулбековна Исраилова-Харьехузен (орусча - Чинара) - заманбап кыргыз тарыхчысы, этнограф.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Чынара Рыскулбековна Исраилова-Харьехузен Кыргызстанда туулган. 1995-жылы Москва мамлекеттик университетин аяктаган. Жолдошу - германиялык. Аны менен баш кошкон соң фамилиясына "Харьехузен" аталышы кошулган.

19-кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз коомундагы салттык көрүнүштөр, уруу-урук системасы тууралуу илимий иликтөө жүргүзгөн.

Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди сактоого салымы түзөтүү

Адистердин бир бөлүгү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы петроглифтерди, тарыхый эстеликтерди бузуунун башкы факторлору иликтенбей, стандарттык документация түзүлбөй, адистердин корутундусуз реставрациялык-конвервациялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек деген талапты да койушууда. Бул тууралуу тарыхчы-окумуштуу, кыргыздардын Европадагы “Манас” коомдук бирикмесинин өкүлү Чинара Исраилова 2007-жылы 12-февралда "Азаттык" үналгысына мындай деп айткан: "Чолпон-Атадагы петроглифтерге байланыштуу реставрациялык иштин эң коркунучтуусу - бул палароидди петроглифтердин беттеринен толугу менен кетирүү мүмкүн эмес. Мен акыркы жолу ал жерде болгонумда, палароид менен жабуу аркылуу жарактан чыгарылган петроглифтердин бир бөлүгүн жоготуу аракети да жасалгандыгын байкадым. Тарыхый эстеликтерге мындай мамиле жасаган адамдар жоопко тартылышы керек. Андай болбосо, биз көптөгөн тарыхый эстеликтерибизди жоготуп койушубуз мүмкүн".

Айрым эмгектери түзөтүү

  • Исраилова-Харьехузен Чинара Рыскулбековна. Традиционное общество северных киргизов во второй половине XIX века и система их родства : Дис. канд. ист. наук : 07.00.07 : Москва, 2002 309 c. РГБ ОД, 61:03-7/268-8

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү