Исс - Киликиядагы (Кичи Азия) байыркы шаар. Мында б. з. ч. 333-ж. күзүндө Александр Македонскийдин армиясы перси падышасы Дарий III нүн аскерин талкалаган.

Македонскийдин армиясы персилердин сол тарабын жана алардын жалданма грек аскерин кыйраткан. Бул жеңиш Македонскийге Эгей деңизине жана Персия падышалыгынын батыш бөлүгүнө үстөмдүк кылууга мүмкүндүк берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.