Ич катуу — узакка (48 сааттан ашык) заңдабай калуу; маалы менен ичеги арылбай, кыйналып заңдо ошондой Ич катуу көптөгөн оорулардан, айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамактануудан келип чыгат.

Түшүндүрмөсү түзөтүү

Дени соо адамдардын заңдоосу алардын тамактанышына, жашоо шартына жана көнүмүш адатына жараша ар кыл болот. Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет. Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн (аномалиясынан), механикалык, эндокриндик (калкан сымал, бөйрөк үстүндөгү, жыныс бездеринин) жана психикалык, ошондой эле денедеги туз жана суу алмашуунун бузулушунан жана башка болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу жана шартсыз рефлекстердин, ички бездердин начарлашынын жана башка факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан Ич катуу көп кезигет. Ага узак убакыт бир түрдүү тамактануу, аз кыймылдоо жана тиштин начарлыгы, суюктукту аз ичүү себеп болот.

Белгилери түзөтүү

Ич катуунун белгилери өтө ар түрдүү. Ал оорунун себептерине жана өөрчүшүнө жараша болот. Кээ бирөө 3—4 күндө бир заңдаса, кээ бирөөнүкү жумалап созулат, ал эми кээ бир учурда жарым айлап барат. Кээде күнүгө заңдаган менен заң кыйналып, аздан чыгат да, адам канааттанбай, кандайдыр бир мүчүлүштүк сезилип турат. Ич катууда заң катуу, кургак, койдун корголундай болуп чыгат, ич ооруйт же көөп чыгат; адамдын иреңи кубарып, саргыч тартып, тил кургап, көөнөрүлөнүп турат, көңүлү чөгүп, тамакка табити тартпай, уйкусу качып, чыйрыгып, буту-колу чымырайт. Кээде жүрөк дикилдеп, демигет.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Эгер туура эмес тамактануудан болсо азык заттын мүнөзүн өзгөртүү зарыл. Тамактын составында бүкүлү клетчаткалар көп болуп, суюктукту көп (1,5—2 л) ичүү талапка ылайык. Ич алууну күчөтүүчү тамак-аштар: кымыз, ачыган айран, жемиш ширеси, кесек ундан бышырылган нан, кара өрүк, кургатылган жемиш кагы жана башкалар сунуш кылынат. Маалы менен заңдоону адатка айландыруу жакшы. Ич катууну дарылоодо өтө кылдаттык керек. Жоон ичегиге түрдүү дары чөптөр менен микроклизмалар жасаса болот. Витамин менен дарылоо, психотерапия, айыктыруучу физкультура сунуш кылынат. Жалал-Абад, Жермук, Боржоми, Ессентуки жана башка курорттордо дарыланса болот.

Алдын алуу түзөтүү

Ичтин катышын алдын алуу ар кимдин колунан келет, ал адамдын жашоо шартына тыгыз байланыштуу. Баланы дайыма бир убакта күлтүккө отургузуу, заңдоо учурунда оюнчук же сөзгө алаксыбоосуна көз салуу керек. Кызыктуу ишке алаксып заңдоону токтотуу туура эмес. Дааратканада отуруп окууга же тамеки тартууга болбойт. Бирдей убакытта тамактануу, эртең менен жакшылап тамак ичүү, ар дайым тамак-аш рационуна жашылчаларды (сабиз, кызылча, туздалган же чийки капуста, помидор, бадыраң, баклажан, кабак, ашкабак, гүлдүү капуста), мөмө-жемиштерди (өзүн же алардын маңызын), сүт, айран азыктүлүктөрүн, өсүмдүк майын, бал кошуу зор мааниге ээ. Айрым азык заттар (күрүч, быштак, курма, анар, кара мөмө, ачуу татымалдар) жана спирт ичимдиктери Ич катуунун пайда болушуна жана анын өөрчүшүнө алып келет. Ар күнү эртең менен курсакка күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасоо, жүгүрүү, жөө же велосипедде жүрүү, олтуруп иштегендер дене-бойду жазылтуучу көнүгүүлөрдү жасоосу ичегинин нормалдуу иштешине шарт түзөт.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8