Кадамжай, Кадамжай району

Кадамжай (байыркы кыргызча: 𐰴𐰀𐰑𐰀𐰢𐰲𐰀𐰖) — Кыргыз Республикасынын Баткен облуснун Кадамжай районундагы шаар. Кадамжай pайонунун аймагында, Шаймерден суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 2 км түштүк тарапта. Фергана темир жол бекетинен (Өзбекстан) 31 км. Калкы 6,7 миң (2009); негизинен кыргыздар, ошондой эле өзбек, орус, татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Ал аркылуу ИсфанаОшБишкек автомобиль жолу өтөт. Кадамжай сурьма комбинаты, тигүү фабрикасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, медициналык-санитардык мекемелер, кафе-барлар, тамактануу жана соода жайлары иштейт. Шаарда 3 орто жана балдардын музыкалык мектеби, китепканалар, маданият үйү, 3 бала бакча, райондук борбордук оорукана, дарыканалар жана башкалар бар.

Шаар
Кадамжай
Кадамжай
Өлкө Кыргызстан
Област Баткен областы
Район Кадамжай району
Координаттар 40°07′00″N 71°44′00″E / 40.11667°N 71.73333°E / 40.11667; 71.73333Координаттары: 40°07′00″N 71°44′00″E / 40.11667°N 71.73333°E / 40.11667; 71.73333
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 6 732 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Кадамжай, Кадамжай району (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

КалкыОңдоо

Калкы - 6 732 киши.[1]

Колдонулган адабияттарОңдоо

БулактарОңдоо

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.