Кадыров Ысмайыл (М.Жаныбек)

Кадыров Ысмайыл (М.Жаныбек) - акын, жазуучу жана котормочу. Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында 1951-жылы 16-июлда туулган.

1968-жылы М.И.Калинин атындагы орто мектепти, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктап, 1983–1984-жж. Москва шаарынын полиграфия институтунда дасыгын жогорулаткан. 1977–2000-жж. Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор, 2000–2004-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында референт, эксперт, 2005-жылдан Өкмөттүн чечимдерин чыгаруу боюнча сектордун башчысы болуп эмгектенип келет. 1-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси.

Алгачкы ырлары “Ленин” жана “Тоолор” деген ат менен 1969-жылы Ат-Башы райондук “Жеңиш жолу” гезитине, “Алгачкы таң тосуу” деген ыры 1972-жылы 4-июлда республикалык “Ленинчил жаш” гезитине басылган.

1979–2008-жж. ырлары, аңгемелери, жомоктору, макалалары мезгилдүү басма сөз беттерине, “Учкун” альманахына жарыяланып, “Адеп”, “Мекен таануу”, “Эне тил”, “Кыргыз тили”, “Адабий окуу” ж.б. китептерде пайдаланылган.

Тунгуч ырлар жыйнагы “Жаштар үнү” сериясында 1988-жылы “Мектеп” басмасынан жарык көргөн.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы (4–6-томдору, 1979–1980), Советтик энциклопедиялык сөздүк (4-том, 1987), Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы (1989), Кыргыз жергеси (энциклопедия, 1990), Айыл чарба энциклопедиясы (1990), Математика (кыскача энциклопедия, 1991), Ден соолук (Медициналык энциклопедия, 1991), Бул ким. Ал эмне? (Балдар энциклопедиясы, 1992, 2-басылышы 2000), Физика (Кыскача энциклопедия, 1994), Чүй облусу (1994), Ысык-Көл облусу (1995), Манас (Энциклопедия, 1, 2-том, 1995), Талас облусу (1995), Нарын облусу (1998), Кыргызстан (Энциклопедия, орусча, кыргызча, 2001), Физкультура жана спорт (Энциклопедия, 2002), Жалал-Абад облусу (2003), Кыргыз тарыхы (Энциклопедия, 2003), Кыргызстан географиясы (2004), Астрономия (Энциклопедиялык окуу куралы, 2004), Кыргызстан (Улуттук энциклопедия, 1-том, 2006). энциклопедияларынын авторлорунун бири.

“Кыргызстан-Сорос” фонду тарабынан 1999, 2000-жылдары чыгарылган Кыргыз поэзиясынын антологиясынын редактору.

1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.

1997-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, 2002-жылы “Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү отличниги” төш белгилери менен сыйланган.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты болгон.

2004-жылы Эл аралык “Түгөлбай Ата” коомунун “Көк асаба” диплому жана лауреаттык диплому менен сыйланган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисине татыктуу болгон.

1980-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1990-жылдан Айтматов клубунун, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият ишмерлер ассамблеясынын мүчөсү.


Жарык көргөн китептери


Кыргыз тилинде

Аскер иши боюнча терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. – Ф.: Илим басмасы, 1986. – 284 бет. (авторлош).

Түймө өнөрү: Маалымдама басылма. – Б.: Кыргызстан, 1987. – 56 б.

Математика: Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. – Ф.: КСЭнин башкы редакциясы, 1-басылышы, 1989, 2003. – 208 б. (авторлош).

Түймө: Кесиптик-техникалык окуу жайлары үчүн окуу куралы. – Б.: Кесип, 1996. – 68 б.

Түстөн чыккан түркүн сөз: Балдар үчүн ырлар. – Б.: 1998. – 72 б.

Ойрон кыргыз, ойлон кыргыз: Ырлар. – Б.: 1998. – 64 б.

Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор: Проза жыйнагы. – Б.: Бийиктик, 2002. – 68 б.

Сандар санаты: Балдар үчүн ырлар. – Б.: Кутаалам, 2008. – 26 б.

Т Кыргыздын Гиннесс китеби. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. – 216 б.

Тамга сандык, сөз куржун: Балдар үчүн ырлар. – Б.: Гүлчынар, 2010. – 92 б.

Төрт түлүк: Балдар үчүн ырлар. – Б.: Гүлчынар, 2010. – 56 б.

Сатыбалды Нааматов: Көркөм публицистикалык баян. – Б.: Ж.И.Темирова, 2010. – 165 б.


Котормолору

Першина Л.Ф., Петрова С.В. Тигүү өндүрүшүнүн технологиясы. – Б.: Кесип, 1995. – 514 б.

Гриншпан И.Я. Жекече заказ боюнча эркектердин сырт кийимдерин конструкциялоо. – Б.: Кесип, 1995. – 330 б.

Жой Маджесиз. Аялдар маселесин изилдөөлөр. – Б.: 2003. – 266 б.

Биздин Кыргызстан. Популярдуу тарыхый энциклопедия. – Б.: “Сорос-Кыргызстан” фонду, 2004. – 222 б.

Гендерлик изилдөөлөрдүн негизги курсуна хрестоматия. – Б.: 2004. – 324 б.

Коллектив. Мен, мектеп парламенти, коом. – Б.: 2006. – 86 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү