Каземат – 1) коргонуу курулуштарындагы жай; снаряд жана авиация бомбасы түз тийгенде ошол жайда жашынып олтурган адамдарды калкалоо үчүн жасалат. Анын согуш Казематы, байкоо жүргүзүүчү Каземат, снаряд сакталчу Каземат ж. б. түрлөрү болот; 2) замбирек ж. б. куралдарды орнотуу, снаряддарды сактоо, адамдарды душман огунан калкалоо үчүн кемелердеги сооттолуп жасалган жай; 3) 20-кылымдын башына чейин чепте же түрмөдө адам жалгыз камалчу бөлмө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү