Башбаракты ачуу

Памирбек Шоморович Казыбаев (08.9.1952) - кыргызстандык алыкултаануучу, журналист жана коомдук ишмер. Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын журналистика боюнча академиги (1994), Венгрия маданият министрлигинин “Мажарстан маданияты үчүн” медалынын ээси (2006).

Кыскача өмүр таржымакалыОңдоо

Памирбек Шоморович Казыбаев Кыргызстандагы Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Асылбаш айылында 1952-жылы 8-сентябрда туулган.

Атасы - Шомор Казыбаев (1926-1982) Асылбаш айылында колхоздо (кийин совхоздо) иштеген. Уруусу - асылбаш, анын ичинде меңсейит (адыгене уруусуна кирет). Энеси - Мырзакүл Сапын кызы (1933-2010), ушул эле айылдын кызы. Алар 10 балалуу болуп, экөө чарчап калган экен. Памирбек - алардын тун уулу.

Атасы Шомор Памирде чек арада (Хорог, Мургапта) кызмат кылган, ошондуктан улуу баласына "Памирбек" деген ысымды койгон.

1969-жылы №1 Октябрь орто мектебин, 1970-жылы Бишкектеги №4 кесипчилик-техникалык окуу жайын аяктаган соң, Фрунзе айыл-чарба машиналарын жасоочу заводдо эмгек жолун баштаган.

Советтик Армияда жоокердик милдетин өтөп келгенден кийин Кыргызкинопрокатынын “Экран” журналында котормочу-редактор болуп иштеген.

1977–1984-жж. Ош облусуна караштуу Чоң-Алай, Чүй облусуна караштуу Сокулук райондорунда мугалим, директор болуп иштеген.

1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) кыргыз тили жана адабияты факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1984–1993-жж. “Кыргызстан” басмасынын саясий жана илимий-популярдык адабияттар редакциясында редактор, редакция башчысы, Кыргызмамбасмакомдо, Басма жана маалымат министрлигинде китеп басмалары боюнча жооптуу кызматтарда иштеген.

В.В.Бартольд, С.М.Абрамзон жана Реми Дор ж.б. окумуштуулардын эмгектерин которуунун, кайра басып чыгаруунун демилгечиси-уюштуруучусу, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жөнүндөгү архивдик документтер жана эскерүүлөр жыйнагынын түзүүчү-редактору болгон.

1988-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын журналистика боюнча академиги (1994).

Кыргызстан менен Венгрия ортосундагы адабий-маданий байланыштарга кошкон салымы – венгер акыны Шандор Петоофинин тандалма томдугун кыргыз тилине кайра чыгарууну уюштурганы, Георг (Дьёрдь) Алмаши, Ласло Месорош, Иштван Коңур Мандоки сыяктуу мажар инсандарынын кыргыз маданиятын Европага таанытууга сиңирген эмгектерине арналган “Мажарстан маржандары” илимий-популярдык басылмасына автор-түзүүчүлүгү Венгрия маданият министрлигинин “Мажарстан маданияты үчүн” медалы (2006) менен бааланган.

“Кыргыздар” томдугунун котормочусу, “Манас” энциклопедиясында макала автору.

1993-жылдан Мамлекеттик “Манас – 1000” дирекциясында басма иштерин жана “Манас-маалымат” борборун жетектөө менен Бириккен Улуттар Уюмунун 1994-жылдагы №49 резолюциясынын негизинде “Манас” эпосунун миң жылдыгын 1995-жылы уюштуруу, өткөрүү боюнча бир топ макалаларды жазган.

1996-жылы ВВС радиосунун чакыруусунда Лондон шаарында “Манас” эпосуна байланыштуу адабияттарды жана “Манас – 1000” мааракесин чагылдырган көргөзмөнү уюштурган.

“Манас” тематикасындагы эки фотоальбомдун автор-түзүүчүсү, Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” романын чыгаруунун уюштуруучу-редактору. “Манас – 1000” маараке медалы менен сыйланган.

2000-жылы Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын, өмүр баянын толуктап изилдөө, үйрөнүү, эл арасына кеңири жайылтуу максатында “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесин 1994-жылы түзүлгөн Алыкул коомдук фондунун негизинде кайра уюштурган.

П.Казыбаевдин түзүүсүндө Алыкул Осмоновго тиешелүү 1990-жылы “Алыкул–75” календары, 1995-жылы “Көл толкуну”, кыргызча-англисче, 1995жылы “Алыкул Осмоновдун Каптал-Арыктагы музейи” буклети, 2000-жылы “Балдарга” кыргызча-англисче-орусча, 2001-жылы “Алыкул – Ата-журттун акыны” календары, 2007-жылы “Алыкул жандырмагы” (Г.Насыров менен авторлош), 2010-жылы “Жолборс терисин кийген баатырга 70 жыл” календары жарык көргөн.

Бишкекте 1988-жылы ачылган №68 мектепке акындын ысымын коюуда, 2001-жылы А.Осмонов 1945–1950-жж. жашаган Бишкектеги үйүн оңдотуу менен Алыкултаанууну жаңы деңгээлге көтөргөн үй-музейин түптөөдө, А.Осмонов Чолпон-Ата шаарында 1945–1950-жж. жашаган үйдү да музейине айландырууда, акындын 1956-жылы сатылып кеткен короо-жайын Бишкек мэриясы сатып алуу менен шаар менчигине айландырууда, КР Улуттук Банкы тарабынан 200 сомдуктун биринчи чыгарылышында Алыкулдун ыры туура эмес жазылганын далилдөө менен оңдотуп кайра чыгарууда П.Казыбаевдин эмгеги зор.

Түзүүчү-автор катары алгачкы чыгарган “Мезгил жана Алыкул” жыйнагы 1990-жылы жарык көрүп, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Аталган басылма “Бийиктик” басмасынан 2006-жылы жаңы толуктоолор, архивдик документ жана фотоматериалдар менен чыгарылган.

Каптал-Арыктагы музейге көмөктөшкөндүгү үчүн Панфилов райондук Алыкул сыйлыгы ыйгарылган.

Чолпон-Ата шаардык паркына Алыкул ысымын ыйгаруу, “Алыкул” кемесинин Ысык-Көлдө сүзүүсүнө жетишүү, А.Осмоновдун 3 томдугун чыгаруунун үстүндө иштеп келет.

2003–2007-жж. Э.Турсуналиевдин “Тандалмалары”, А.Жакыпбековдун “Шекерден Теңирге” аттуу студенттик күндөлүгү, “Кыргыз милициясына 80 жыл” фотоальбому, Ө.Даникеевдин “Арман” романы ж.б. көптөгөн басылмаларды редакциялоого, түзүүгө катышкан.

2008-жылдан бери КР Маданият министрлигинин Улуттук маданий борборунда Басма бөлүмүн жетектеп келет.

Алыкул таануучу катары салымдарыОңдоо

Памирбек Казыбаев - белгилүү алыкул таануучу. Анын эмгегинин аркасында улуу акындын “Көл толкуну”, “Аккан суу” ыр жыйнактары орус, англис тилине которулган. Чолпон-Ата шаарындагы үйү музейге айланган. Көлдө сүзгөн кеменин бирине “Алыкул” деген ысым ыйгарылган.

Акын Бактыгүл Чотурова Памирбектин алыкул таануу жаатындагы салымы жөнүндө баса белгиледи:

- Памирбек - Алыкул акындын чыныгы күйөрманы. Алыкул агайдын борбордогу үйү колдон колго өтүп сатылып кеткенде кайтарып алыш үчүн канча чуркады. Бийликтеги төбөлдөргө тынбай кат жазып атып, үй кайра музейге айланган. Бирок ошол музейге дагы деле мамлекет тарабынан көңүл бурулбаганы өкүндүрөт.

Кыргыз Эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев Алыкул акындын ырларын элге жеткирүүдө Памирбек Казыбаевдин эмгеги зор экенин айтат:

- Памир акындын ырларын, чыгармачылыгын, философиясын эл-журка таркатып келген инсан. Бул - жайылтуучу, пропагандист катары белгилүү.


Сыйлыктары. НаамдарыОңдоо

  • Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын журналистика боюнча академиги (1994).
  • Венгрия маданият министрлигинин “Мажарстан маданияты үчүн” медалынын ээси (2006).
  • “Манас – 1000” маараке медалы менен сыйланган (1995).

Жарык көргөн китептериОңдоо

Кыргыз тилиндеОңдоо

  • Мезгил жана Алыкул. – Ф.: Адабият, 1990. – 319 б.
  • Мезгил жана Алыкул. – Б.: Бийиктик, 2006. – 284 б.
  • Манас: Фотоальбом. – Түркия: Анкара, ТИКА 1995. – 172 б. (Ч.Турсунбеков менен авторлош)
  • Манас – 1000: Фотоальбом. – Б.: Учкун, 2003.
  • Кыргыз темир жолуна 80 жыл: Фотоальбом. – Б.: Учкун, 2004. – 188 б.
  • Ала-Тоо аңгемелери жана поэмалары: 20-кылымдагы кыргыз адабиятынын / Түзүүчү Памирбек Казыбаев. - Бишкек: Бийиктик, 2014. - 300 б.


КотормолоруОңдоо

  • Маркстын үй-бүлөсүнүн кат алышуулары. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 244 б.


Колдонулган адабият тизмесиОңдоо


Интернеттеги шилтемелерОңдоо