Каир конференциясы (1943)Каирде 1943-ж. 22-26-ноябрда өткөрүлгөн. АКШнын президенти Ф.Рузвельт, Улуу Британиянын премьер-министри У. Черчилль, Кытайдын гоминьдан өкмөтүнүн башчысы Чан Кайши, алардын согуш жана саясий маселелери боюнча кеңешчилери катышкан. Каир конференциясында кабыл алынган Декларацияда (Тегеран конференциясында аны менен Совет өкмөтү таанышкандан кийин 1943-ж. 1 декабрда жарыяланган) АКШ, Улуу Британия жана Кытайдын өкмөттөрү «...башка жерди басып алууга умтулбастыгын жана аймактык экспансия жөнүндө ниеттенбестигин» салтанаттуу билдиришкен. Анда союздаштар Японияны басып алган бардык аймактарынан, анын ичинде 1-дүйнөлүк согушта (1914-18) ээлеген Тынч океандагы аралдардан ажыратууга талапкердигин көрсөтүшкөн. Декларацияда Япония Кытайдан алган бардык аймактарды (Манжурия, Формоза, Пескадор ж. б. аралдар) Кытай Республикасына кайтаруу талап кылынган. Декларацияда «тиешелүү убакта» Кореяга боштондук жана анын көз карандысыз мамлекет болушуна укук берүү жөнүндө айтылган, бирок ал белгисиз мөөнөткө калтырылган. Каир конференциясында Тынч океандагы согуш аракеттери жана союздаштардын Европадагы стратегиясы да каралган. АКШ менен Улуу Британиянын кийинки аракеттери Каир конференциясынын чечимдерине карама-каршы экендигин көрсөттү. Япониянын капитуляциясынан кийин (2-сентябрь, 1945) англ. аскерлер кайрадан Сянганга (Гонконг) киргизилген. 1950-ж. АКШ Корея Элдик Демократиялык Республикасына жана Кытайга кол салып, Кытайдын Тайвань аралын жана Пэнхуледао аралын басып алган. Натыйжада Каир конференциясынын чечимдери бузулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү