КайсериТүркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанар тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жайгашкан. Калкы 730,3 миң (2008). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Кайсери.

Алгачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-ж. селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна айланган. 1243-ж. моңголдор ээлеген, 1515-ж. Осмон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-кылым) менен курчалган. Борбордук бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе медициналык борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзолейлер, музейлер, университет (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт жана автомобилдерге тетиктер, тиричилик техникалары), металлургия, электр-техникалык, тамак-аш, текстиль, жыгаччылык өнөр-жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү