Кайталоо – бир эле сөздүн же бир эле фразанын кайра-кайра колдонулушу аркылуу түзүлгөн стилистикалык ыктардын бир түрү. Кайталоо адатта поэтикалык речтин ыргагын басаңдатуу же күчөтүү аркылуу анын кооздук сапатын арттырат.

Садагалар мотураңдап ойногон,
Садагалар мотураңдап ойногон.
Окуу эмгек, эмгек окуу дегенди,
Садагалар, ата-энем деп ойлогон.
Садагасы өсөт чалгын канатың,
Садагасы өсөт чалгын канатың.
Жаңы жерде жаңы шартта,
Садагасы сен таалайлуу баласың.
(Ж. Турусбеков “Бөбөктөргө”).


Мында сап башындагы ыр саптарынын кайталануусу ырдын интонациясын, күүсүн белгилеп жатат.

Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай укмуш эмесиң?
Качан жүрөк кагышынан танганда,
Бир тартылып өтүп кетер элесиң,
Бир тартылып өтүп кетер элесиң.
(М. Алыбаев “Ала-Тоого”)

Акын бул ырында өзүнүн негизги оюн, сезимин Кайталоонун жардамы менен акыркы ыр сабына топтоп жатат. Прозалык чыгармаларда да Кайта кездешет. Мисалы, У. Абдукаимовдун “Майдан” романында төмөнкүдөй сүрөттөө бар: “Ак көйнөкчөн келиндей болгон ак кайыңдар, арча карагайлар жай баракат теңселип, түнт токой мурунку калыбына келип, мурункусундай магдырап, таң атаркы боз закымга оролуп, жаратылыш жай алып тургандай эле. Токойдун тынчы кеткен канаттуулары, айбанаттары, кайтадан тынчып, кайтадан үн алышып, кайтадан эркин учуп – конуп, ээн-эркин чуркап, кайтадан тилге кирип, кайтадан өздөрүнүн доорунан өмүр сүрө баштаган эле. Тынчы жок адамдардын шойкуму басылып, дүнүйө өзүнүн тынч бешигине кайтадан жатып, жер кайтадан бейпилчилик, ырыс-таалай, сүйүү кубанычка марып тургандай болчу”.

Келтирилген үзүндүдө автор поэтикалык кайталоо ыгы менен эми эле болуп өткөн айыгышкан кандуу согуштан кийин бир аз тынчтыкка бөлөнө түшкөн токойдун элестүү сүрөтүн тартып жатат. Орус адабиятынын жемиштүү таасири менен кыргыз прозасына киргизилген бул ык “Майдан” романындагы күчтүү стилистикалык фигуралардан болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү