Кайыңды суусу, Токтогул району

Кайыңды суусуТоктогул районундагы суу, Нарындын сол куймасы. Көк-Ирим тоосунун түндүк-батыш капталындагы чакан тоо көлүнөн башталат. Узундугу 37 км, алабынын аянты 195 км2. Кууш капчыгай аркылуу агып, нугунда босоголор көп кездешет. Өрөөнү кооз, токойлуу шалбаа ээлейт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2800 м. Көк-Ирим тоосунун эң бийик жери (4351 м) К. суусунун алабында. Кайыңдынын 6 куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 2,90 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жогорку жана ортоңку бөлүктөрүндөгү куймаларында илгертен калган арыктар кездешет. Жээгинде Кайыңды кыш. жайгашкан.

Кайыңды суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 37 км
бассейндин аянты 195 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Токтогул району

Колдонулган адабияттар түзөтүү