Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна
Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна – педагогика илиминин доктору, профессор.
Бул макалага шайкеш категориялар кошулган эмес. Сиз категорияларды таап, же жаңы ачып макалага кошуп, долбоорго жардам бере аласыз.
|
Бул макалада грамматикалык, орфографиялык же пунктуациялык каталар бар. |
1958-жылы Ош областынын Алай районунда туулган[1]. 1980-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, орус тили жана адабияты, тарбия боюнча методист адистигине ээ болгон. 1983-1986-жж. Кыргыз педагогика илимий изилдөө институтунда аспирантурада окуган. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1980-жылдан баштап окутуучу, доцент, сырттан окуу институтунун директорунун орун басары, факультеттин деканы болуп эмгектенген. Азыркы күндө ушул эле университеттин педагогика кафедрасынын башчысы, анын жетекчилиги астында 8 аспирант кандидаттык диссертациясын коргоп, 4 ү жактоого сунушталган, 7 аспирант илимий иштин үстүндө эмгектенүүдө. Кесиптик багыттары төмөнкүлөр: этнопедагогика, педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы, жогорку окуу жайынын педагогикасы, тарбия иштеринин методикасы, мектеп педагогикасы. 3 монографиянын, 21 окуу-методикалык куралдардын, 130 дан ашык илимий макалалардын автору. Алардын айрымдары төмөнкүлөр: “Эл акындарынын чыгармачылыгындагы этнопедагогикалык идеялар”; “Адеп (Мурас)”. / 5-класс үчүн окуу китеби; “Адеп (Мурас) ”. / Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо; “Кыргыз элдик педагогикасынын мугалимдерди даярдоодогу ролу”: Атайын курс. / Методикалык сунуштар; “Педагогикалык практика боюнча методикалык сунуштар”; “Калык Акиевдин чыгармаларынын тарбиялык мааниси”; “Педагогика тарыхынын очерки”. / Окуу куралы; “Элдик акындар жана тарбия”. / Методикалык курал; “Элдик акындардын чыгармаларындагы тарбия маселелери”. / Методикалык курал; “Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы”. / Окуу куралы; “Кредиттик окутуу системасы студенттердин өз алдынчалыгын өстүрөт”; “Общее и особенное в воспитании кыргызского и корейского народа”; “Этнопедагогикалык идеяларды тарбиялоо процессинде колдонуунун методикалык өзгөчөлүктөрү”; “Тарбиялоо жана окутуу процессин моделдөөнүн талаптары жана принциптери”; “Организация учебного процесса по кредитной технологии в КГУ им. И.Арабаева в рамках Болонского процесса”. Илимий докладдар менен Ирландия, Турция, Россия жага Казакстанда эл аралык конференцияларга катышкан.
Сыйлыктары
түзөтүү- Педагогикалык билимге эмгеги сиңгендиги үчүн 2011 жылы КР президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган[2].
- И. Арабаев атындагы КМУнун «Эмгек сиңирген ишмери», «2013, 2016-жж. Мыкты профессору», 2014 ж. “Мыкты кафедра башчысы” болуп танылган.
- Орусия Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти ( Москва).
- А.Т. Калдыбаеванын жетекчилиги астында 8 аспирант кандидаттык диссертация коргогон, 4 аспиранттын диссертациясы жактоого сунушталган:
1. Бабаева А.Д. – ОШму
2. Назаралиева Ч.Ш.
3. Турганбаева Ж.Ж.
4. Жусуева Б.
5. Мирзалиева Э.
6. Махашева Ф.
7. Иманкулова С.Э.
8. Сулайманкулова Ж