Калпак баатыр, Стамбек уулу (туулган жери белгисиз, болжол менен 1805 – 1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы Кант шаарына жакын жер) – казактар менен согушта (Кенесарынын чапкыны) эрдик көрсөткөн баатырлардын бири. Казактар таң ата келип, капысынан Калпактын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабылдар менен казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, кыз-келиндердин шуру-мончокторун салып аткылаган. Бетине жабышып калган шуру экенин билип калган казактар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет менен Калпак баатырдын 28 бүлөсү, жакын тууганы Субанбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп чыккан. 19 жеринен ок жеп, жарадар болгон Калпак баатырды казактар кылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки фольклордо Калпак баатырдын эрдиги жөнүндө көптөгөн аңгеме айтылып калган.

Адабият түзөтүү

  • Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993
  • Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Б., 1995. Т. 1.