Калып:Тегеран шаарындагы убакыт сактоочу жай

Тегеран шаарындагы саат музейи موزه زمان түзөтүү

Убакыт учкан куш, ал дайыма алдыга сапар алат, аны токтотуу мүмкүн эмес деген сөздү укканда Тегерандын түндүк тарабындагы бейпилдике оролгон Зафаранийе аймагы эске түшөт. Ал жерде физиканын мыйзамдарына баш ийбей, убакыт бир көз ирмемге токтоп калып, убакыт ондогон, жүздөгөн жылдар бою катып калгандай элес калтырат.

Музей имараты түзөтүү

Бул жер адам баласы убакыт деген кежир субстанцияны өлчөөчү, уникалдуу тарыхый буюмдар чогултулган атактуу убакыт музейи. Ал эми, кежир дегенибиздин себеби, ал учкан куштай алдыга зымырап учса, бирде убакыт токтоп калгандай жай жылат. Адам баласы байыртадан убакытты контролдоп, аны өлчөөнү үйрөнүүнү каалап келген. Ага музейге кире бериште жолдун эки капталында орнотулган кум сааты, шам жана май сааты, музейдин ички бөлүгүндөгү уникалдуу сааттардын түрү, хронометрлер жана башка убакыт өлчөөчү буюмдар күбө. Музей имараты өзүнүн архитектуралык курулушу боюнча Кажар династиясына (1796-1925-жылдар) таандык имаратты чагылдырат. Имарат алгач Муари ал Мамалек атту ак сөөк адамга, андан соң килем сатуучу бай соодагерге таандык болгон.

Музейдин короосу түзөтүү

Музейдин имараты 700 чарчы метрди ээлеп, 5 гектар аянтты бар бакчанын ичинде жайгашкан. Имарат декоративдүү кыш, живопись түшүрүлгөн аркалуу чатыр, таш жана жыгачка кооздолуп түшүрүлгөн ар кыл сүрөттөр менен кооздолгон. Сыртынан караганда жөнөкөй курулуш материалдары менен курулгандай сезилет. Музейдин кире беришинен ишке жарактуу байыркы жөнөкөй сааттарды көрүүгө болот. Алардын ичинде байыркы Шумерлер колдонгон кум сааты, суу жана от сааттары да бар. Ал эми башка саатардан өзгөчөлөнгөн май саатты кен казуучулар колдонгон: шамга 10 саатка жеткидей май куюлуп, иш күнү башталган жана ал күйүп бүткөн соң иш күнү соңуна чыкты деген белги болгон. Музейди көргөнү келген адамдар музейдин эшигинин алдынан суу сааттары, механикалык сааттардын түрүн көрө алышат. Суу сааттарында циферблат колдонулган. Музейдин ичинде Абрахам Луис Бергер, Хаж Хусейин Саде сыяктуу чет элдик жана ирандык саат жасоочуларынын сүрөттөрү илинген, алардын ичинде календарларды түзгөн Абурейхан Бируни, Мухит Табатабаи жана Ахмад Бираштын сүрөттөрү да бар.


Музей жасалгасы түзөтүү

Музейдин имараты эки кабаттуу. Биринчи кабатында XVII-кылымдан XX- кылымга чейинки механикалык сааттардын эволлюциясы чагылдырылат. Ал жердеги ар бир саат өз доорунун саат жасоодогу чебер эмгеги болуп саналат. Ал доордо сааттар абдан кымбат болгон жана аны эң бай адамдар гана ала алган. Ошондуктан дубал же башка чоң сааттар ар кандай мозаика, кооздуктар жана баалу таштар менен кооздолуп жасалган. Ал доордо саат жасоочулардын чеберчилиги тез өнүккөн. Сааттар тагыраак, көпкө иштеген жана алардын түзүлүшү оорураак боло баштаган. Кээ бири бир гана убакыт эмес планеталардын жайын, айдын фазасын көрсөтүп турган.

Имараттын экинчи кабатында атактуу тарыхый же саясий адамдардын чөнтөк жана билек сааттары топтолгон. Бул жерде Насир ад Дин шахка (1831-1896-жылдар) таандык алтын менен капталган жөнөкөй булгаары жана алтын билерик менен жасалган жол сааты сакталган. Андан сырткары “Зенит”, “Патек Филипп” жана өз заманында уникалдуулугу менен айырмаланган “Картье” сыяктуу ишканалардын сааттары да бар. Алардын ар биринин механизминде бир адамдын тарыхый таржымалы, өзүнүн окуясы катылган.

Эгер Тегеран музейиндеги баардык сааттарды жүргүзсө кайрадан иштеп циферблатта көргөзүп турган убакыт алдыга карай жүрөт. Анткени анда жашоо биротоло токтоп калган эмес, бир гана катып калган да. http://iransegodnya.ru/post/view/1393 Маданият, музей