Кальман Имре (24. 10. 1882, Шиофок, Австрия-Венгрия — 30. 10. 1953, Париж) — венгриялык жана австриялык композитор жана дирижёр. 1900—04-жылы Будапешт университетинин юридика фтинде, ошол эле жылдары музыкалык академияда X. Кёслерден окуган. 1904—08-жылдарда «Pesti Naplo» гезитинде жана драма театрда музыкалык сынчы болуп иштеген. Жаңы Вена опереттасын түзүүчүлөрдүн бири. Тунгуч опереттасы — «Күзгү манёврлар» (1908). Белгилүү оперетталары: «Чардаш королевасы» («Сильва», 1915), «Баядера» (1921), «Марица» (1924), «Цирк ханышасы», «Маринка» (1945) жана башка Ал 20 оперетта жазган. Опереттага венгр музыкалык фольклорун алгач колдонгон, аны демократташтырган. 1938-жылы эмиграцияга Швейцарияга кетип, 1940жылдан АКШда, 1948жылдан Францияда жашаган. Оперетталары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коюлуп келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү