Кальций фосфаты – фосфор к-тасынын кальций тузу. Орто фосфаттары чоң мааниге ээ. Ca3 (PO4)2 – жаратылышта таза минерал түрүндө кездешет. Түссүз кристалл, тыгызд. 3,14 г/см3. Эрүү t 1670оС. сууда начар эрийт. К-талар менен гидро туздарды пайда кылат. Фосфат минералдары, кош туздар (апатит) түрүндө кеңири таралган. Сөөк курамында кездешет. Мал жана куштарга кошумча азык катары берилет. Кальций фосфаты өндүрүштө керамика, айнек жана тиш тазалоочу паста менен күкүмдөрдү даярдоо, Ca НPO4 преципитат деген ат менен жер семирткич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү