Камералуу очок - отун тик бурчтуу призма түрүндөгү камеранын ичинде үйлөтүлгөн аба менен күйүүчү буу казанынын очогу.

Мындай очокто катуу, суюк жана газ абалындагы отундар шагылат. Камералуу очоктун ички диаметри 32-76 мм, суу, буу жүрүүчү түтүк менен капталган тик дубалдан жана отко чыдамдуу кирпичтен тургузулган үстүнкү жабдуудан, күл түшүргүчтөрдөн турат. Очоктун дубалына радиациялык буу ысыткыч орнотулган.

Камералуу очокко отун анын капталына орнотулган күйгүзгүч түзүлүш аркылуу аба менен бирге берилет. Катуу отун менен иштеген Камералуу очоктун буу өндүрүмдүүлүгү 50дөн 2500 т/с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.