Каноэ (испанча сапоа – кичине кайык; кариб индейлеринин тилинен өздөштүрүлгөн) – 1) Түндүк Америка индейлеринин жыгачтын чулу сөңгөгүнөн оюп жасалган же жыгач каркасы тери менен капталган кайыгы; калак бекитүүчү оюктары жок, бир жагы менен шилөөчү калактары болот; 2) спорттук чакан кайык. Анын чоңдугу, салмагы, формасы мелдеш эрежелерине ылайыкталып курулат. Каноэ боюнча эл аралык федерация 1946-жылы уюушулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү