Каныбек Осмоналиев

Кыргызстандык спортчу

Каныбек Осмоналиев (Kanybek Osmonaliev; 19.11.1953) — кыргыз спортчусу, коомдук ишмер. Москва шаарында өткөн 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнун 4 жолку чемпиону болгон туңгуч кыргыз. Кесиби боюнча тарыхчы (Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетин аяктаган).

Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районунда Бишкек айылында туулган.

Спорт жана өмүр түзөтүү

2003-жылы "Азаттык" үналгысынын кабарчысы Кабыл Макеш менен курган маегинде ал өзүнүн өмүр жолунун башаты тууралуу мындайча эскерген.

"Мен Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгым айыл жергесинде өттү. Эки жашымда атам каза болуп, эрте жетим калып, кичинемден кара жумушту көп жасап, чыйрак өстүм.

5 баланы эрезеге жеткирүү түйшүгү апам Жийдекандын мойнуна жүктөлгөн.

Жашымдан эле спортко ынак өсүп, боюмдун кичинелигине карабай, футбол, баскетболду жакшы ойночумун. Эркин күрөш секциясына да катышып, райондук мелдештерде байге алып жүрчүмүн".


Каныбек Осмоналиев мырза студент кезинде оор атлетикага кызыгып калганын мындайча эскерет:


"Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп жүргөндө да күрөшкө барып жүргөм. Бир жолу университеттин оор атлетика залына капыстан кирип калып, балдар менен мелдеше кетип, штанга көтөрүп калдым. Менин бул спортко жөндөмдүүлүгүмдү байкап, оор атлетиканын сырын үйрөтүп, чоң спорттун эшигин кенен ачкан устатым - Семен Давыдович Иткин болду".

Каныбек 1978-жылы АКШда өткөн дүйнө чемпионатында алгач ирет дүйнө чемпиондугунун алтын медалын тагынды.

Даңазалуу балбан Александр Воронин менен ат салышуу кыйынга турганын ал өзгөчө эскерет.


"Мындай ийгиликтерге жетишиме устатымдын, апам Жийдекандын, келинчегим Мээркандын салымдары зор" - деп Каныбек Осмоналиев баса белгилеп келет.

Болочокку жубайы менен 7-класстан баштап ысык мамиледе жүрүп, 19 жашында баш кошушкан.

Келин алып, кыз узатып, бир канча неберелүү болушту. Улуу уулунун 2000-жылы төрөлгөн кызына Олимпиада деп ат койгон.

Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев, ошентип, дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп кайткан. Европанын эки жолку чемпиону.

Ал 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада чемпион болгон.

Ушул тапта ал Кыргызстандагы Балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор атлетика боюнча мектебинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү.

Каныбектин спорттогу жетишкендиги түзөтүү

Москва Олимпиадасында (1980) 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуп көтөрүүдө (рывок/snatch) 107,5 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө (толчок/clean and jerk) болсо 137,5 кг жүк көтөргөн.

Жалпысынан 245 кг жүк көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан.

(Салыштыра кетсек, 1976-жылы Монреалдагы Олимпиадада орусиялык балбан Александр Воронин (52 кг) жалпысынан 242,5 кг салмактагы жүктү көтөрүп, өз учурунун рекордун жаңырткан болчу).

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

СССР спортунун эмгек сиңирген устаты (мастери).

Анын улантуучулары түзөтүү

Азиянын чемпионаттарында бир нече жолу мөрөй алышкан Митал Шарипов, Улан жана Кутман Молдодосовдор, Манас Алибаев, Алмаз Асакеев жана башка кыргызстандык оор атлеттер Каныбектин жолун жолдоп келишет.

Ал тууралуу чыгармалар түзөтүү

Каныбек Осмоналиев жөнүндө даректүү тасма тартылып, акын Акбар Рыскулов поэма жараткан.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү