Кан куюу станциясы - кан куюу жана аны даярдоо, уюштуруу методикалык жетекчиликти ишке ашыруучу медициналык мекеме.

Кан куюу станциясы (Кызыл Крест, 1953).

Кан куюу станциясы донорлук тармактарды пландайт жана топтойт, донорлорго күбөлүк берет, каттайт, канга аралжы суюктуктарды даярдайт жана сактайт, аларды дарылоо мекемелерине бөлүштүрөт. Кан куюу станциясы Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун союзу менен бирдикте калкты донорлукка тартуу (Донорлор күнү жана башка) үчүн агитация пропаганда жана уюштуруу иштерин жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8