Капалбаев Октябрь Эркинович (13-март, 1977-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Торкент айылы), тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы.

О.Э. Капалбаев Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин тарых адистиги боюнча бакалавр баскычын 1999-жылы ийгиликтүү аяктап, улуттук университеттин магистратура, аспирантура билим жана билим берүү программалары борборунун магистратура (тарых адистиги) бөлүмүнө тапшырып, аны 2001-жылы, 2013-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Билим берүү менеджменти» магистратуралык бөлүмүн аяктаган. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантура бөлүмүн бүтүрүп, 2007-жылы тарых (этнография) илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 2013-жылы доценттик илимий даражага ээ болгон. 2022-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. О. Капалбаев кесиптик-педагогикалык жана илимий-изилдөө тажрыйбаларын арттыруу максатында өзүнүн, жараткан эмгектеринин үстүнөн тынбай иш келе жатат. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде иштөө менен бирге коомдук иштерге дагы активдүү катышып келет. Алсак: мамлекеттик жана коомдук ишмер Абди Сүйөркуловдун 100 (2012-жыл), эл шайырлары Калык Акиевдин 130 (2013-жыл) жана Коргол Досу уулунун 130 (2013-жыл), Токтогул Сатылганов 150 жылдык (Өкмөттүк уюштуруу комитетинин мүчөсү 2014-жыл) мааракелерин уюштурууда өз салымын кошконт. Мындан сырткары «Калык Акиев» коомдук фондунун президенти, «Коргол Ата» коомдук фондунунун Вице-президенти, «Алп Сол» коомдук фондунун аткаруучу директору, «Кетмен-Төбө көк бөрү федерациясы» коомдук фондунун Вице-президенти, «Токтогул – 150» коомдук фондунун директорунун орун басары, «Санат ТРК» телевидениесинин коммерциялык директору кызматтарын айкалыштыруу жолу иштеген. «Илме кайып» (чечендик өнөр) автордук теледолбоорунун 25 берүүсүн эфирге чыгарган. Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде илимий макалалары бир нече тилде жарык көрүп, талкууга алынган. Эл аралык илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышып, конференциялардын пленардык бөлүмдөрүндө докладдарын баяндап келет. Тарых илиминин этнография багыты боюнча, анын ичинде кыргыздардын колдонмо-жасалга кол өнөрчүлүгүнө, көркөм сөз өнөрүнө жана төкмө акындардын өмүрү, чыгармачылыгына өзгөчө басым жасагандыгын анын иштеринен эле көрүүгө болот. Макалаларынан сырткары жарык көргөн китептери төмөнкүлөр: Кыргыз элинин чечендик өнөрү (китеп), «Чечендик өнөр» (окуу куралы), «Кыргыздардын салттык жыгаччылыгы» (монография), «Тарых, тарыхчылар жана мезгил (учкул ойлор)», «Улуу Калык», «Ак таңдай, залкар талант Коргол Досу уулу» (авторлош), «Токтогул жана Калык», «Токтогул жана Коргол», "Кыргыз элинин көнчүлүк өнөрү". И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых кафедрасынын доценти катары студенттер үчүн «Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы», «Чечендик өнөр» окуу-усулдук колдонмолорун чыгарган. Ошол эле учурда университеттин Окуу башкармалыгын башчысы катары окуу процессине байланышкан иш кагаздардын бюллетендердин бир нечесин ар бир окуу жылына даярдап чыгарган. КР Билим берүүсүнүн мыктысы медалы, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын Ардак грамоталары, И.Арабаев атындагы КМПУнун 50 жылдык, А.Сүйөркуловдун 100 жылдык, Коргол Досу уулунун 130 жылдык, Калык Акиевдин 130 жылдык, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык юбилейлик медалдары жана «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» медалы, КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.