Карабаев Нурудин Абылаевич

Карабаев Нурудин Абылаевич (1951) – окумуштуу агроном, белгилүү топурак таануучу жана эколог. Айыл чарба илимдеринин доктору, агрономиянын профессору, К.И.Скрябин атындагы   Кыргыз Улуттук агрардык университетинин  Агрономия жана токой чарба факультетинин деканы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

  • Карабаев Нурудин Абылаевич 1951-жылы Талас районун Калба айылында туулган.  Улуту - кыргыз.   1968-жылы Мейилкан Козубекова атындагы  Жерге-Тал орто мектепти аяктап, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун агрономия факультетине кирип, аны 1973 жылы бүтүргөн жана эмгек жолун Кара-Буура районундагы Көк-Сай мамлекеттик асыл тукум чарбасында агроном болуп иштөө менен баштаган.
  • 1973-87 жылдары Кыргыз айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз топурак таануу илимий изилдөө институтунда (КТТИИ)илимий кызматкер болуп иштеп, аспирантурага кирет (илимий жетекчиси кыргыз топурак таануу илиминин  негиздүүчүсү академик Мамытов Аман Мамытович).
  • 1982 жылы кандидаттык диссертациясын Казах топурак таануу илимий изилдөө институтунда коргойт жана  КТТИИде ага илимий кызматкер, лабораториянын жетекчиси болуп эмгектенет.
  • 1987-89 жылдары Кыргыз мамлекеттик пландоо комитетинин  Кыргыз илимий техникалык информация институтунда Агро-өнөр жай комплекси бөлүмүнүн башчысы,
  • 1989-91 жылдары   Кыргыз Айыл чарба министрлигинин  продукция даярдоо жана сапатын текшерүү мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары болуп иштейт.  
  • 1991-2001  жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) доцент, дыйканчылык жана топурак таануу кафедраларынын жетектеди.
  • 2000 жылы доктордук диссертациясын коргойт жана ага 2003 жылы профессор наамы Кыргыз улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан ыйгарылат.
  • 2001-04 жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университеттин (КАУ) проректору, 
  • 2004-09 жылдары КАУ Агроинженерия институнда директор болуп,
  • 2009 - 10  жылдары профессор  болуп иштеди
  • 2010 жылдан бери агрономия жана токой чарба факультетинин деканы болуп иштеп келүүдө.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Анын илимий эмгектери: агрономия,  топурак таануу, топурактын асылдуулугун изилдөө, агрохимия, дыйканчылык жана экология боюнча маселелерди чечүүгө арналган. Ошондой эле агрардык тармактын өнүгүсүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган. 

Ал М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде, Германиянын айыл чарбасын изилдөө борборунда жана Дрезден техникалык университетинде узак мөөнөттүү илимий стажировкаларда  болгон жана чет элдик долбоорлор менен кызматташтык жүргүзөт. Кытай Эл Республикасынын  Синьцян - Уйгур автономиялык районунун Айыл чарба академиясынын Топурак таануу жана мелиорация институту менен кызматташууда.

Н.А.Карабаевдин жетекчилиги  менен 1 доктордук, 4 кандидаттык диссертация корголгон.

Изденүүчү-нүн аты,жөнү Илимий даражасы Адистиги Темасы Жакта-ган жылы
1 Байбагышев Э.М. Айыл чарба илимдеринин кандидаты -03.02.13-топурак таануу Агрохимико-экологическое состояние почв Нарынской впадины 2003
2 Упенов А.Ш. Айыл чарба илимдеринин кандидаты -03.02.13-топурак таануу Экологическое состояние почв Талсской долины 2003
3 Сакбаева З.И. Биология илимдеринин доктору -03.02.13-топурак таануу

-03.02.08-экология

Экология почв бассейна реки Кок-Арт и улучшение их состояния 2014
4 Александров Г.В. Айыл чарба илимдеринин кандидаты -03.02.13-топурак таануу Повышение биологической активности почв и продуктивности сельскохозяйственных культур 2015
5 Ызаканов Т.Ж. Айыл чарба илимдеринин кандидаты -03.02.13-топурак таануу Исследование почвенно мелиоративного состояния земель и пути их мелиоративного улучшения (на примере КараСуйского района Ошской области) 2015

Учурунда 4 докторанттын илимий консультанты жан 5 кандидаттык иштерге илимий жетекчилик кылат.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

СССР айыл чарбасынын отличниги, Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги,  Союздук айыл чарба министирлигинин, КР билим берүү жана илим министрлигинин, КУАУ ардак грамоталары менен сыйланган.

Негизги илимий-методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Карабаев Н.А. Кыргызстандагы дыйканчылыктын негиздери (учебник на кыргызском языке) / -Бишкек: КСХИ,     1993, - 147 с.
  2. Карабаев Н.А. Фермердик чарбада дыйканчылыкты жүргүзүүнүн жол-дору (учебное пособие) /-Бишкек: Кесип, 1993. -103 с.
  3. Ботбаева М.М., Карабаев Н.А. Отоо чөптөрдүн жана аларды окутуудагы атайын терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. -Бишкек: КСХИ,1994, - 29 с.
  4. Карабаев Н.А. Жаңгак  өстүрүүнүн перспективасы /    -Бишкек: Кесип,    1994, 56 с.
  5. Карабаев Н.А., Исраилов А.И. Фермерлерге жардам (учебное пособие на кыргызском языке) /-Бишкек: Кесип,  1995. – 126 с.
  6. Карабаев Н.А., Алымкулов Б.Б., Кожеков А.Ж.Донные наносы водохранилищ и их использование в сельском хозяйстве / -Бишкек: КСХИ, 1999,  - 56 с. 
  7. Карабаев Н.А., Чодураев Т.М., Молдошев К.О. Каменистые и легкие почвы КР и их мелиорация для улучшения экологии почв /-Бишкек: БГУ, 1999, - 45 с.
  8. Karabaev N.A., Sakbaeva Z.I. Interaction of Soil Order and Land Use Management on Soil Properties in the Kukart Watershed in the Kyrgyzstan/ Applied and Environmental Soil Science, vol.. 2012, Article ID 130941, 11pages, 2012.doi: 10.1155.2012.130941
  9. Karabaev N.A., Sakbaeva Z.I., Fvazov A. Soils of nut – fruit in southern Kyrgyzstan – important ecosystems worthy of protection / Landbauforschung. Applitd Agricultural and Forestry Research.Vol.63. №1.
  10. Karabaev N.A., Ma Xuegin, Mamatkanov S.,Bekbolotov D.Influence of Climate Change on Soil Fertility in Kyrgyzstan / Xinjiang nongye kexue Xinjiang agricultural sciences. Vol.50. №7. Jul.2013. 1365-1370
  11. Карабаев Н.А. Упенов А.Ш., Карабаев А.Н. Рациональное использование и повышения плодородия почв - путь к экономическому процветанию / Учебное пособие. Талас.ГУ. 2013, с.107
  12. Karabaev N.A., A.Kondakov., Pawera, Z.Polesny., I.S. Sodombekov Ethnobotany of medicinal plants used in the Turkestan Range in Leilek District, Western Kyrgyzstan / The third European Ethnobiology workshop Kirkow,Poland, 9-13 October 2014
  13. Карабаев Н.А., Сакбаева З.И. и др. Рекомендации по улучшению экологического состояния почв бассейна реки Кок-Арт/ Бишкек, 2015. 57 с.
  14. Карабаев Н.А. Агрономия / 1 том Бишкек, 2017, 240 с.
  15. Карабаев Н.А. Агрономи / 2 том Бишкек, 2017, 192 с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү