Карагайың, Дөдөмөл – Тогузторо районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Уз. 30 км, алабынын аянты 112 км2.

Молдотоонун түн. капталынан башталат. Башталышында Чамынды аталып түштүктү, Дөдөмөл тоосунан өткөндөн кийин түш.-батышты карай агат. Башталышы ж-а төмөнкү агымы капчыгайлуу; ортоңку агымынын өрөөнү кенен. Жылдык орт. чыгымы 0,7–1,2 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Май – сентябрда кирип, октябрь – апрелде тартылат. Негизинен кар, булак ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Өрөөнүндө Дөдөмөл кыш. бар. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2