Каракыштак, Каракишлак - “Мажму ат–товарих” боюнча Манас баатыр мекендеген жер. Калмактар менен кыргыздардын урушунда Манас он үч жеринен жарадар болуп, калмак каны Жолой К-ты талап, Якубетти (Жакып) туткундап кетет. Жолойдун кол алдындагы Тубай деген киши Каракыштакка келип Манасты ууладырат. Тубай дагы Көзкаман сыяктуу калмактан аял алып, алардын динине кирип, кыргыздарга келип чыккынчылык кылат. Тубайдын Манасты ууландырышы башка баатырдын өлүп, тирилиши жөнүндөгү окуя Каракыштакта өтөт. “Манас” эпосунун негизги варианттарында да Каракыштак кыргыздардын байыркы мекендеген жерлеринин бири катары айтылат. Географиялык реалиада Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, азыркы Мерке районунун аймагында жайгашкан өрөөн. Баш жагы кенен, түндүк батышта Терек суусу кошулгандан кийин, Карадөбөнүн тушунда кууш капчыгайга айланат. Каракыштак мал-жанга ыңгайлуу; жайкысын – жайлоо, кышкысын кары аз болгондуктан кыштоо катары пайдаланылат.