Карамарт[1]Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1280 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 39 км түндүк- чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол станциясынан 37 км. Калкы 3228 (2007); негизинен мал менен алектенет. Эки орто жана негизги мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, оорукана, бейтапкана жана башка бар. Кыштактын аты «март өсүмдүгү көп» деген маанини билдирет.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  1. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору.