Карахандар, ханийлер, хаканийлер — түрк элдеринин ичинен мусулманчылыкты алгачкы болуп кабыл алган Караханий мамлекетин башкарган сулале.

Келип чыгышы түзөтүү

Бул династиянын «Караханий» деген аталышы хандарынын «карахан», «карахакан» сыяктуу титулдарынан улам В.В.Григорьев деген орусиялык чыгыштаанучу тарабынан кийин эле жармаштырылган. Караханийлер түрк элдеринин ичинен кайсынысынан келип чыккандыгы боюнча маселеде болсо, тарыхчылар ар кандай пикирлерди айтышат. Айрымдары караханийлердин йагмалардан келип чыккандыгын айтса, экинчилери карлуктардан деп, үчүнчүлөрү уйгурлардан пайда болгон дешет. Кээ бирилер караханийлердин эч бир урууга таандык болбостон, эски көктүрк кагандарынын түз урпактары болгондугун белгилешет. В.В. Бартольд йагмалардан же чигилдерден караханийлер келип чыккандыгын болжолдосо, ал эми кыргыз тарыхчыларынан Б.Жамгырчинов, С.Табышалиев, Ө. Караев, З.Эралиев, Т.Чоротегин, Т. Акеров жана башкалар караханийлердин чигилдерден келип чыккандыгын бир катар изилдөөлөрүндө аныктай алышкан.

Батыш Түрк, Түргөш каганаттарынын (581-766) жана Карлук жабгулугунун (766-940) баш калаалары Түндүк Кыргызстандагы Чүй өрөөнүндө жайгашканы маалым. Булардын ичинен соңку мамлекет — карлук жабгулугу IX кылымдын башына чейин күчөп, андан соң саясий бытырандылыктын капшабына калган (IX к. башы — 940).

Кыргызстандык профессор Өмүркул Караевдин кийинки изилдөөлөрү 940-жылы Кашкардан келип Баласагунду ээлеп жаңы теңир-тоолук кубаттуу мамлекетти — Караханийлер каганатын негиздеген Сатук Буура-хан өзү чигилдерден экендигин айгинелөөдө.

Чигилдер (орхон таш жазма эстеликтеринде — чик деп белгиленген) жана йагмалар карлуктар жана тогуз-огуз саясий ынтымагына кирген башка уруулар менен бирге 744-жылы экинчи Чыгыш Түрк каганатын кулатууга каттышышкан. Арийне, уйгурлар жеке өзүнүн каганатын негиздегенде карлуктар, йагмалар жана чигилдер Теңир-Тоого карай ооп кетишкен.

Караханийлер сулалесин чигилдердин негиздешинен улам бул мамлекеттеги жана жалпы эле огуздардын чыгышындагы чигилдерге баш ийип калган же аларга коңшулаш чыгыш түрктөрдү огуздар «чигилдер» деп коюшкан. XI кылымда Махмуд Кашгари чигилдер тууралуу белгилеген:

«Огуздар Жейхундан (Аму-Дарыядан) Жогорку Чынга чейинки бардык түрктөрдү «чигил» деп аташат».

Арийне, Караханийлер сулалесинин кагандары Чыгыш Түркстан менен Батыш Түркстандын негизги аймактарын бириктирген бул мамлекеттин алкын чакан бир түрк уруусунун аты менен эмес, Улуу Түрк каганатынан бери келген жалпылама этностук-саясий аталыш — «түрк» сөзү менен аташкан. Демек, Караханийлер каганаты жалгыз гана чигилдерге эмес, жалпы эле түрк элине таандык мамлекет болгон.

Тарыхы түзөтүү

13-14-кылымдарда жашаган тарыхчы Жамал Каршинин калтырган кабарларына таянсак, караханийлердин биринчи башкаруучусу Билге Күл кадырхан болгон. Ал 9-кылымдын ортосунда башкаруучу болуп, кийин бийлик анын эки уулуна: Базир менен Огулжакка мурасталган. Тарыхчылар Базир арсланхандын башкаруучу катары Баласагунда тургандыгын, ал эми Огулжак анын атынан алгач Тараз аймагын, ал эми 893-жылдагы согуштан кийин Кашкар аймагын башкаргандыгын болжолдошот. Ошону менен катар эле Базир арсланхан өлгөндөн кийин, анын Сатук деген 7 жашар уулу кийин Огулжак кадырхандын камкордугуна өткөндүгү айтылат. Тарыхчы Ө.Караевдин пикири боюнча, Сатук буурахан 9-кылымдын аяк ченинде же 10-кылымдын башталышында төрөлгөн [6].

Исламды кабыл алуу түзөтүү

Караханийлерге чейинки түрк элдери жана ислам дини түзөтүү

Тарыхта алгачкы мусулмандар менен түрк элдеринин ортосундагы мамилеси караханийлерге чейин кандай болгондугуна көз чаптырсак, Мухаммад пайгамбар (САВ) түрк элдери колдонгон чатырды кээ бир учурда өзү да колдонгондугу айтылат. Кайсы бир хадисте «түрктөр силерге тиймейинче, силер да аларга тийбегиле» деп, түрк элдери менен жылуу мамиледе болуу керектиги айтылган экен[1]. Балким, ошондондур, кийин Адилеттүү төрт халифтин доорунда араб элдери перс элдерин каратышкан соң, андан ары түрк элдерине олуттуу жортуул жасашкан эмес. Мисалы, Умар ибни Хаттаб түрк элдерине каршы мусулмандардын Амударыяны кечип өтүүсүнө жол бербей, Ахнаф ибни Кайсты токтотуп калган. Арабдар Амударыяны «Жейхун» деп атап, «дарыядан ары кеткен аймакты» «Ма вара ан-нахр» дешкен. Кийин 661-жылдан 750-жылга чейин Араб халифалыгын 89 жыл бою «умейялар» (омейяддар) деп аталган династия башкарган. Айрымдары «эмевилер» же «омейядар» деп аташкан бул үй-бүлөдөн чыккан падышалардын ичинен тарыхта Умар ибни Абдулазиз – бешинчи адилеттүү халиф катары таанымал. Ал бийликке келгенге чейин эки жыл мурдараакта Кутайба ибни Муслим Орто Азиянын бир бөлүгүн мусулмандарга караткан эле. Умар ибни Абдулазиз жаңы каратылган орто азиялыктарга да, каратыла элек түрк элдерине да жакшы мамиле жасаган. Андан кийинки халифтердин тушунда Түргөш кагандыгы мусулмандарга каршы согуш ачып, натыйжада өздөрү алсыраган жана Тан империясынын күчтүү таасири астында калышrан. 751-жылдагы Атлах согушундагы Зияд ибни Салихтин жеңиши гана кытайларды Орто Азиядан миң жылга алыстата алган.

750-жылдан баштап мусулман дүйнөсүндөгү жогорку бийлик аббасийлер династиясынын колуна өткөн. Тарыхта бул үй-бүлөдөн чыккан Харун-ур Рашид өзүнүн мусулмандык сапаттары менен көбүрөөк эскерилет. Ал 786-809-жылдары 23 жыл өлкөнү башкарган. Анын үч улуттан үйлөнгөн: тагыраагы араб, перс жана түрк элдеринен алган үч аялынын ар биринен төрөлгөн үч уулу тең кийин халиф болушкан. Үчүнчү уулу Аль-Мутасим Биллах түрк элдеринин жээни болгондуктан, ал 9 жыл бою мамлекетти башкарган жылдарында көптөгөн түрк жоокерлерин аскердик кызматка чакырган. Халифалыктын кийинки бардык башкаруучулары да дал ошол Аль-Мутасим Биллахдын урпактары болушкан. Араб саякатчысы Ибн Фадландын жазгандарына караганда, 922-жылы түрк элдеринин ичинен алгачкы болуп, Эдилдеги булгарлардын элтебери Алмаз-хан өз мамлекетинде исламды расмий дин кылып жарыялаганы маалым. Бирок, аларда мусулманчалык караханийлердикинчелик өнүгүп кеткен эмес[2].

Исламдын Теңир-Тоого жайылуусу түзөтүү

Ибн Аль-Асир, Абдулгаффар Алмаи, Жамал Карши сыяктуу байыркы авторлордун эмгектеринде караханий башкаруучуларынын ичинен Сатук буурахандын алгачкы мусулман падыша болгондугу кабарланат. Караханийлер мамлекетинде Сатук буурахандын бийликке келишинен кийин перс элдери менен түрк элдеринин ислам дининин ичинде бир ынтымакка биригүүсү күчөй баштаган.

Абдулкарим Сатук буурахан 955-жылы курман болгондон кийин, анын ордун ээлеген уулу Байташарслан хан атасынын баштаган ишин аягына чыгарган. Анын мусулманча ысымы «Муса» болгон. Ал мамлекеттин борбору болгон Баласагунду ээлеп, «хандардын ханы» деген титул алган. Эң маанилүүсү, Муса Байташ арсланхандын тушунда ислам дүйнөсүндөгү таанымал аалымдардын бири Абулхасан Мухаммад Каламати атайын Бухарадан хандын жанына келип, ал бул жакта 955-961-жылдар арасы жашаганда, жалпы элди динге чакыруу кызуу жүргөн. Ислам дини мамлекеттик дин болуп жарыяланган. Шаарларда мечиттер, медреселер курулуп, коңшу мусулман Самани мамлеткетинен Абулхасан Саид ибни Хатим жана Абузар Аммар Тамими сыяктуу факихтер атайын алдырыла баштаган. Караханай мусулмандары сунний болушкан, тагыраак айтканда, «ахлу сунна ва-л жамаага» кирген ханафий мазхабын жана матуридий акыйдасын карманышкан.

999-жылы коңшу мамлекеттин калкы саманийлердин үстөмдүгүнө каршы жардам сурап кайрылганда, Наср Илиг хан Бухара менен Самарканды караханийлердин карамагына кошкон. Илиг хан ибадатчыл адам болгондуктан, Кыдырга жолуккан деп айтылат. Анын бир тууганы Гази Ахмед Тоган хан чыгышатан Баласагунга кол салуу үчүн келген каракытайлар менен согушуп жеңип, аларды көпкө чейин келбес кылган.

Изилдөө түзөтүү

Мындан эки кылым мурда эле жер астынан табылган тыйындардагы жазуулар аркылуу караханий хандарын изилдөө иши башталган. Айтсак, 1832-жылы Х.М.Френ, 1841-жылы М.К.Казем-Бек, 1861-жылы П.С.Савельев, 1863-65-жылдары В.В.Григорьев, 1873-жылы К. Риттер жана Г. Вамбери, 1881-жылы Б.А.Дорн, 1888-жылы В.Тизенгаузен нумизматикалык жактан изилдешсе, В.В.Радлов, Г.Г.Ховорс, Стэнли Лэн-Пуль, Ф.Г.Скрайн жана Е.Д.Росс жазма тарыхый булактарды да кеңири пайдаланып изилдешкен. Булар 19-кылымдагылар. Ал эми 20-кылымдын 1-жарымында караханийлерди В.В.Бартольд. И.Маркварт, Е.Цамбаур, Е.А.Давидович, Р.Фасмер, А.Ю.Якубович, М.Е.Массон сыяктуу окумуштуулар изилдешсе, 1950-жылдан кийин А.Н.Бернштам, П.Н.Кожемяко, А.А.Валитова, О.Прицак, Ж.Г.Гамильтон, А.М.Щербак, А.А.Боровков, К.Э.Босворд, М.Н.Федеров, Б.Г.Гафуров, О.Караев сыяктуу ж.б. илимпоздор да караханийлер жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

Караханий мамлекетинин башкаруучулары түзөтүү

  1. Билге Күл «Кара» Кадыр Арслан-хан (840—893)
  2. Базир Арслан-хан (893—920)
  3. Огулчак Арслан-хан (893—940)
  4. Сатук Бугра-хан — хакан (942—955)
  5. Муса Байташ Бугра-хан — хакан (955—970)
  6. Харун Бугра-хан — хакан (970—993)
  7. I Хасан Али хан — хакан (993—998)
  8. Ахмад Тоган хан ибн Али 388—406/998-1016 (388—408)
  9. Мансур Арслан-хан ибн Али 406—415/1016-1025 (405—415)
  10. Мухаммад Тоган-хан ибн Хасан/Харун 415—416/1025-1026 (415—418)
  11. Йусуф Кадыр-хан ибн Харун/Хасан 416—423/1026-1031 (388—423)
  12. Сулайман Арслан-хан ибн Йусуф 423—431/1031-1040 (423—447)

Батыш-караханий хандыгы түзөтүү

  1. Ибрахим Табгач-хан ибн Наср (431—460/1040-1068)
  2. узурпатор Шуайс Тоган-хан ибн Ибрахим ибн Наср Табгач-хан (460—461/1068-1069)
  3. Шамсулмүлк Табгач-хан ибн Ибрахим ибн Наср (460—472/1068-1080)
  4. Хызр-хан ибн Ибрахим ибн Наср Табгач-хан (472—479/1080-1087)
  5. Ахмед-хан ибн Хызр-хан ибн Ибрахим ибн Наср Табгач-хан (479—482/1087-1090, 485—488/1092-1095)
  6. Кылыч Арслан-хан Мухаммад ибн Ибрахим ибн Наср Табгач-хан (482—483/1090-1091)
  7. Сулайман ибн Давуд ибн Ибрахим ибн Наср Табгач-хан (490/1096-97)
  8. Тафгач-хан Махмуд ибн Мухаммад ибн Ибрахим ибн Наср Табгач-хан (490—492/1097-1099)
  9. Арслан-хан Мухаммад ибн Сулайман ибн Давуд (495—524/1102-1130)
  10. Кара-хан Хасан ибн Али (524—526/1130-1132)
  11. Махмуд ибн Мухаммад ибн Сулайман (526—536/1132-1142)
  12. Тафгач-хан/хакан Ибрахим ибн Мухаммад ибн Сулайман (536—551/1142-1156)
  13. Кадыр Тонга хакан Махмуд ибн Хусайн ибн Хасан (551—552/1156-1157)
  14. Чагра-хан Джалал ад-дин Али ибн Хасан (552—556/1157-1161)
  15. Кылыч Тафгач-хан/хакан Масуд ибн Хасан ибн Али (556—561/1161-1166, 562—566/1167-1171)
  16. Кылыч/Эгдиш Тафгач хан/хакан Мухаммад ибн Масуд ибн Хасан (566—574/1171-1178)
  17. Абд ал-Халик ибн Хусайн (574/1178-79)
  18. Ибрагим ибн Хусейн (574—599/1178-1202)
  19. Усман ибн Ибрагим (599—609/1202-1212)

Чыгыш-караханийлер хандыгы түзөтүү

  1. Арслан-хан Сулайман ибн Йусуф ибн Харун (431—447/1040—1056)
  2. Бугра-хан Мухаммад ибн Йусуф ибн Харун (447—449/1056—1058)
  3. Арслан-хан Ибрахим ибн Мухаммад ибн Йусуф (449—454/1058—1062)
  4. Улуу каган Арслан кара-хакан Абдулхалик, Батыш караханийлеринин вассалы (454—455/1062-1063)
  5. Тогрыл кара-хакан Йусуф ибн Сулайман ибн Йусуф (454—470(455—471)/1062-1078(1063—1079))
  6. Тогрыл кара-хакан Умар ибн Йусуф ибн Сулайман]] (471—473/1078—1081)
  7. Табгач Бугра-хан Хасан(Харун) ибн Сулайман ибн Йусуф (473—483(484)/1080-1091(1092))
  8. Табгач-хан Джабраил ибн Умар ибн Йусуф (483(484)-495/1091-1102)
  9. Арслан-хан Ахмад ибн Хасан ибн Сулайман (496/1102….)
  10. Табгач-хан Ибрахим ибн Ахмад ибн Хасан (487—512/1094-1118)
  11. Арслан-хан Мухаммад ибн Ибрахим ибн Ахмад (555—566/1160-1170 и 566—575/1170-1180)
  12. Арслан-хан Йусуф ибн Мухаммад ибн Ибрахим (574/1180 — 601/1205)
  13. Мухаммад ибн Йусуф ибн Мухаммад (607/1210-1211)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Караев Ө. История Караханидского каганата (X – начало XIII в.). – Фрунзе, 1983.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  1. İlk Müslüman Türk Devletleri. Eskişehir, 2013.
  2. İlk Müslüman Türk Devletleri. Eskişehir, 2013.