Кара-Каман тоосуИчки Теңир-Тоодо. Жылуу-Cуу (чыгышында) жана Кара-Кужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Кара-Каман суусу аны экиге бөлөт.

Узундугу 56 км, туурасы 14 км, орточо бийиктиги 3860 м, эң бийик жери 4343м. Чардаксуу жана Каракаман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 1000 м. Кара-Кужур тоосу горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Неогендин аягында, төртүнчүлүк мезгилдин башталышында көтөрүлгөн. Батыш Кара-Камандын капталдары симметриялуу, түндүк капталы тик, кыска (2,5 км), түштүгү жазы (3–15 км), Чыгыш Кара-Каман симметриялуу түзүлүштө. Тик капталдуу тепши сымал өрөөндөр арбын.
Байыркы тайпаң жондор 4000–4200 м, батышында 3600 м бийиктикте кездешет. Тепши сымал өрөөндөрдүн башы (түндүк капталы) мөңгүлүү. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. бийиктен өтөт. Негизинен үстүнкү протерозойдун филлит, кумдук, алевролит, кварцтуу порфирит, соңку рифейдин гранит-диорит жана гранит тектеринен түзүлгөн.3000–3500 м бийикте кылканактуу-шыбактуу кургак талаа, 3500–3800 мде субальп шалбаалуу талаа, 3800 мден жогору альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Адабият

түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү