Кара-КооКыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы айыл. Ак-Терек айыл аймагынын административдик борбору.

Айыл
Кара-Коо
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл облусу
Район Тоң району
Координаттар 42°12′46″ с. ш. 76°37′57″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1930
Мурунку аталышы Ак-Терек,Карл Маркс
Аянты 3.2 км²
Климатынын түрү мээлүүн,Январдын орточо температурасы -3.7°С июлдуку 17.9°С
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз
Калкы 4058 адамды
Улуттук курамы Кыргыз 99.9%
Диний курамы Мусулман 96.0%
Сандык идентификаторлор
Кара-Коо (Кыргызстан)
Айылдын мурунку аталышы - Карл Маркс.

Ысык-Көлдөн 5 км түштүк тарапта .Боз-Чөл жана Тегерек тоолорунун ортосунда, Бар-Булак-Жөкөтөй өрөөнүнүн чыгыш жагында жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 58 км чыгышта, Тоң райондун административдик борбору — Бөкөнбаев айылынан 33 км батыш тарабында жайгашкан.

Айыл аркылуу Бишкек-Каракол унаа жолу өтөт.

Калк түзөтүү

Калкы — 4058 адам.

Инфратүзүм түзөтүү

Түтүн саны 800-850 .Айылда 1 орто мектеп (Рашит Жангазиев,окуучулардын саны 800), оорукана, үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу, 2 дарыкана, айыл өкмөтүнүн үйү, маданият үйү, клуб, 2 китепкана, спорт комплекси, аймактык милиция бөлүмү, почта бөлүмү жана көптөгөн дүкөндөр бар.

География түзөтүү

Кара-Коо айылынын узундугу 3143 метр. Туурасы 450дөн 1170 метрге чейин жетет. Аянты калк отурукташкан бөлүгү 3021метр ² же 300 гектар. Унаа жолунун жалпы узундугу 33.7 км (айыл ичиндеги ),анын 4 км ине таш төшөлгөн (асфалтталган).

Айылга жакынкы аралыкта Бар-Булак минералдык суусу (түндүк-батыш тарапта,көл жээгине 300 метр жетпейт,айылдан 6.4км алыстык да) жана Туз-Көл (түндүк-чыгыш тарапта,көл жээгине 500 метр жетпейт) бар.

Климаты-мээлүүн. Январдын орточо температурасы -3.7°С, июлдун орточо температурасы 17.9°С. Жаан-чачын 120-150мм ,күндүн ачык тийүүсү 220-250 күн. Кышында кар аз өлчөмдө жаайт.

Алагоз Каба урук тукумдары жашайт.

Булактар түзөтүү