Кара-Кулжа суусу, Токтогул району

Кара-Кулжа суусу, Токтогул району – Узун-Акмат суусунун оң куймасы. Токтогул районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу б0 км, алабынын аянты 651 км2.

Чаткал кырка тоосу менен Талас Ала-Тоосунун тутумдашкан жериндеги мөңгүдөн башталып, Узун-Акмат (Түндүк) жана Ат-Ойнок (Түштүк) тоолорунун ортосунда батыштан чыгышка карай агып, Узун-Акматка куят. Өрөөнүндө карагай, бадалдар, суу бойлой кайың, тал, четин, арча өсөт. Кара-Кулжага 80ден ашуун өзөн куят, ирилери: Ат-Айнок, Найман-Суу (оң), Өкүм, Ыргайлы, Көл (сол). Апрелде кире баштап, октябрда тартыла баштайт. Негизинен булак (49%), кар, мөңгү (46%) жана жаан-чачын (5%) сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 6,2 км2ге жеткен 20дан ашык мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 10,5 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү