Кара-Ой жарым аралы Ысык-Көлдүн Түндүк жээгинде. Кара-Ой кыштагынын жанында. Көлгө 3,1 км кирип жаткан аккумуляциялык урчук. Туурасы 4,5 км. Кумдук, чопо, шиленди тектерден түзүлгөн. Голоценде туурасы 2,1–0,74 км болгон тектир пайда болгон. Эки капталынан Чоң-Кой-Суу жана Чолпон-Ата сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Суу астындагы уландысы 2,5 кмге (20 м тереңдикке чейин) созулат. Жээгинде кумдуу пляждын тилкеси (туурасы 10 мге чейин) бар. Батыш жээги шагылдуу сайроондордон турат. Капталдарында кумдук тоо тегинин такталары 3–5 м тереңдикке чейин жетет. Чыгыш жээгинин ортоңку бөлүгүн (300 мге чейин) кумдук текши каптайт.

Кара-Ой тумшугундагы кумдуу пляж 1979-жылдан 1985-жылга чейин 100 мге кеңейген. Жарым аралдын чыгыш жагында (тумшукка жакын) туурасы 10–50 мге жеткен лагуналар жатат. Кара-Ой жарым аралына эс алуу жайлары курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү