Кара-Суу көлү - Көк-Ирим тоосунун батышында, Кеңкол (түштүгүнөн) менен Такталык (түндүгүнөн) тоолорунун аралыгында деңиз деңгээлинен 1998 м бийиктикте жайгашкан. Кара-Суунун (Нарын дарыясынын сол куймасы) башында. Токтогул районунун аймагында. Аянты 4,2 км2, көлөмү 223,5 млн м3. Эң терең жери 153 м. Көлгө 10 өзөн куят, негизгиси жогору жагындагы Капка-Таш көлүнөн агып чыгат. Андан башталган суу бөгөт аркылуу 280–300 м төмөн жагынан сарыгып агып чыккандыктан, көлдүн деңгээли 20–25 мге чейин өзгөрүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү