"Кара кочкул түс" (англ. The Color Purple) — америкалык жазуучу Алис Уолкердин эпистолярдык романы. Чыгарма 1982-жылы "Пулитцер" сыйлыгынын жана Улуттук китеп сыйлыгынын "Фантастика" наамдарын утуп алган. Китеп окшош аталыштагы тасмага жана мюзиклге ылайыкташтырылган.

Жоржиянын элет жериндеги болуп өткөн окуяларга токтолгон чыгарма 1930-жылдардагы АКШнын түштүгүндө отурукташкан африка тектүү америкалык кыз-келиндердин жашоосун чагылдырат. Бир канча көйгөйлөр көтөрүлүп, анын ичинде Американын социалдык жана маданий чөйрөсүндө алардын өтө эле төмөнкү кызматтарды ээлегенине басым жасалган. Роман өзгөчө зордук-зомбулук жагынан алып караганда ачык мазмунунан улам көп жолу көзөмөлчүлөрдүн бутасына айланып, Америка китепкана бирикмесинин 2000-2009-жылдары "Эң көп талаш-талкуу жараткан 100 китеп" тизмесинде 17-катардан орун алган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү