Карлыгачтар (лат. Apodidae) — чабалекейге окшош ылдам учкан, топтошуп жашаган чымчыктардын бир тукуму, булардын 77 түрү жана кыйла уруусу белгилүү: ак бел карлыгач - (Apus pacificus), Кайен карлыгачы - (Panyptilla cayennensis), курмачыл карлыгач - (Cypsiurus parvus), кара карлыгач - (Apus apus), ийнекуйрук карлыгачтар - (Chaeturinae), кадимки карлыгачтар - (Apodinae), үрпөк карлыгачтар - (Hemiprocnidae) ж.у.с. Дене түзүлүшү чабалекейге окшош, ача куйруктуу. Тумшугу кичине, оозу чоң, буттары кыска, манжалары бутакты кармай албайт. Күчтүү тырмагы менен жарга жармашып, жашайт. Канаты узун, ичке тез учат. Шилекей бездери жакшы өөрчүгөн. Шилекейинин жардамы менен уя салат (жабышкак зат).

Кара карлыгач (Apus apus).

Дүйнөдө 2 тукуму (накта жанаа үрпөк К.), 8 уруусу, 86 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 5, Кыргызстанда 2 түрү бар. Түндүктөн башка бардык жерде таралган. Аска, жар коңулдарына, үй чатырына, морго, үңкүргө уялайт. 1-6 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы 20 күн басып чыгарып, балапанын багат. Келгин куш. Көбүнчө ачык талаада, тоодо жашайт. Учуп жүрүп майда чымын, чиркей, курт-кумурска менен азыктанып, айыл чарбага пайда келтирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9