"Каршылык" (англ. The Stand) — америкалык жазуучу Стивен Киңдин кыяматтан киийнки абалды сүрөттөгөн фэнтези романы. Чыгарма андан мурдараак жазылган "Кечки толкун" аңгемесиндеги сценарийди кеңейтип, коомдун толугу менен бүлгүнгө учурап калганын сүрөттөйт. Биологиялык согуш үчүн жасалган инфекция кокустан жайылып кеткенден кийин жер жүзүндө илдеттердин жайылышына себеп болуп, дүйнө элинин көпчүлүк калкын өлүмгө дуушар болот.

Роман 1980-жылды көрсөтүү менен 1978-жылы катуу мукабалуу болуп басылып чыгарылган. Ал эми жөнөкөй мукаба менен 1980-жылы биринчи жолу чыккан китеп 1985-жылды көрсөтүү менен жарык көргөн. Китеп кийин 1990-жылы "Каршылык: Толук жана кыскартылбаган басылыш" деген аталыш менен кайра жарык көргөн. Киң мурдагы басылышында кыскартылып алынган бөлүктөрүн кайра кошуп, көздөн өткөрүп, окуянын орун алган жерин 1990-жылга өзгөртүп, айрым поп маданият тууралуу маалыматтарды тиешелүү түрдө жаңырткан.

"Каршылык" 1979-жылы Дүйнөлүк фэнтезинин "Эң мыкты роман" сыйлыгына көрсөтүлүп, ABC телеканалынын минисериалдарына жана Marvel Comicsтин графикалык романына ылайыкташтырылган. Башкы терс каарман Рандалл Флагг чыгармада биринчи жолу пайда болгон жана ал Киңдин кийинки китептеринде да көп жолу кайтып келген.

Киң китебин жубайы Табитага арнап, "Табби үчүн: Кереметтердин бул караңгы сандыгы" деп жазган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү