Карыз милдеттенмеси – кредит (зайым) алууда зайым берүүчү тарабынан кредит алуучуга берилген документ. К. м-де кредит өлчөмү менен аны жоюу мөөнөтү көрсөтүлөт. Ал документ боюнча, зайым алуучу кредитти (зайымды) белгиленген мөөнөттө төлөп берүүгө милдеттенет, а кредит берүүчү ал мөөнөт ичинде кредит алуучудан талап кылууга укук алат. К. м-нин түрлөрү: вексель, зайым облигациясы, келишим, кредиттик макулдашуу ж. б. у. с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү