Касабе суу түтүгү (фарсча: قنات قصبه), Гүнабад каризи же Кихосроу каризи дүйнөдөгү эң байыркы жана эң терең кариз болуп саналат. Байыркы булактарга, Насир Хосроунун сапар катына жана ошондой эле оозеки булактарга таянсак, байыркы заманда аны Кихосроу каризи деп аташкан.

Гүнабад каризинин ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар уюмунда катталышы түзөтүү

Гүнабад суу түтүгү 2016-жылдын 16-июлунда Туркиянын Станбул шаарында өткөн жыйында ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар уюмуна Ирандын башка суу каналдары менен бирге катталган. Гүнабад каризинин тиешелүү документтери 2014-жылы ЮНЕСКОнун руханий жана материалдык мурастарына каттоо үчүн жиберилген жана андан соңку изилдөөл жүргүзүлгөн соң Ирандын каналы катары ЮНЕСКОго катталган. Гүнабад Касабе суу түтүгү 2010-жылы Ирандын маданий мурастар уюму тарабынан 2963 номуру менен Иран улуттук эстеликтер тизмесине катталган. Хорасандын 2500-2700 жыл тарыхы бар ЮНЕСКОго үчүн сунушталган жалгыз эстелиги, Хорасан Резави облусунун түштүк тарабындагы Гүнабад шаарында орун алган. Гүнабад Касабе суу каналы дүйнөнүн асыл суусу болуп саналат, анын эки негизги өзөгү жана алты жардамчы агымдан түзүлгөн. Суу каналынын башталышы кара тоо этегинде жана суу түтүгүнүн учурдагы сырты аймактын түштүк тарабынан орун алган. Бул суу түтүктүн узундугу 33 км ашык, негизги эне булагынын тереңдиги жердин кыйшыктыгын эске алуу менен 300 метр, ал эми суу берүү өлчөмү секундасына 130 литрди түзөт. [1][2]

Кариздин тарыхтагы өзгөчөлүктөрү түзөтүү

 
Kariz Gonabad Iran
 
the oldest water clock in Persia. Qanat- e Zibad- Gonabad water clock

Насер Хосроу суу каналдын тереңдигин 700 газ (кыргызча мааниси 1 газ- 1 чыканак же 50см), ал эми узундугун 4 чакырым деп жазып, төмөдөгү маалымааты да калтырып кеткен: ал Каризден чоң суу агат, суу төрт чакырымга чейин жетет жана аны Кихосроу деп аташат. Археолог Лабаф Ханики Гүанабад суу каналы китебинде мындай деп жазган: Касабе шаарынан баштап Кариздин негизги тамырынын узундугу 131035 метрди түзөт, шаркырап аккан суу Ханик өрөөнүн улай казылган. Бул топурак каналдын булактарынын оозунун айланасындагы чопо калдыктарынын болушу негизги суу түтүгүнүн алгачкы жолунда орун алган Касабе тамыры Ахамениддер доорунда казылган, ал эми суу түтүктүн кийинки тамырлары кургакчыл мезгилдерде казылган. Бирок жер алдында казылган суу түтүгүнүн урашы, байыркыларды башка чара издөөгө түрткү кылган, ушунун кесепетинен 683 метр аралыкта суу түтүктү эки бутака ажыратылган, эгер каналдардын бири урап жабылып кала турган болсо, суу башкасынан чыгып каналдын ичине толуп калбагандай болуп.

Суу түтүгүнүн негизги аспаптары түзөтүү

Суу сааты. Иран суу саты эң жөнөкөй аспап, ошол эле учурда аябай так жана дайымкы колдонгонго ылайык, Иран дыйкандарынын жашоосунда, өзгөчө чөлдүү өрөөндө бир топ керектүү аспап болгон. Башка өлкөлөрдүн суу саатынын колдонулушун изилдөө менен Иран суу сааты колдонулушу, таасири абдан жогору тургандыгын ишенимдүү түрдө айтсак болот, ал гана эмес 50 жыл мурун инновациялуу сааттар чыккан соң да алар менен атаандаштык жарата алган, учурдагы дыйкандар суу саатын өзүнүн тактыгына жараша колдонуп келет, ошондуктан Иран суу саатын руханий мурастарга катто зарылдыгы жатат.

  • Дөңгөлөк. Дөңгөлөк тегерек аппарат болуп саналат, анын, аркандын жана чаканын жардамы менен булактын же каналдын ичинен топурактарды эшике алып чыккан. Булак дөңгөлөктөрү эки бир жабдыктуу же эки жабдыктуу эки түрү болгон, эки жабдыктуу дөңгөлөктөр, өзгөчө абдан терең булактарды казганда колдонулган.

Көрүү жана туризм түзөтүү

Гүнабад Касабе кариз музей катары жайгашкан орду жана байыркылыгы жагынан караганда бул шаардагы эң сонун туристик жай болуп саналат жана жыл сайын дүйнөнүн ар тарабынан көптөгөн туристерди өзүнө тартат. Аталган суу түтүктүн башталышы Гүнабад шаарынын Насир Хосроу көчөсүндө орун алган. Статистикаларга таянсак 2016-жылдын Нооруз майрамында бул суу түтүгүн көргөнү 60 мииңден ашуун туристер келишкен.

Суу каналы тууралуу даректүү кино тасма түзөтүү

Гүнабад кариз тууралуу 70 мүнөттүү даректүү тасма, Иран казуу инженерлеринин бул канал жөнүндө баардык казуу иштерин камтып, анын маанилүүлүгүн тереңирээк түшүндүрүү максатында тартылган. Касабе суу түтүгүнүн чөлдүү, кургакчыл шарттагы өрөөндө суу менен камсыздоо ролу аталган даректүү тасмада ачык айкындалат. Касабе суу каналы тууралуу даректүү тасмада Гүнабад аймагынын потенциалы, казуу иштеринин жана аймактын тарыхый орду чагылдырылган. Даректүү тасма долбоору Хорасан Резави облусунун телеканалы жана Хорасан Резави облусунун туристик жана маданий мурастар уюмунун биргелешкен аракети аркасында ишке ашырылган.

Гүнабаддагы Иран улуттук суу каналдарынын майрамы түзөтүү

Хорасан облусунун газеталарынын жана маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Иран суу каналдарынын алгачкы майрамы 2017-жылы 2-февраль айында Гүнабад шаарында Гүнабад Касабе суу каналы Ирандын башка суу каналдарынын дүйнөлүк мурастар тизмесине каттоо себеп болгондугун эске алуу менен Вице-Президент баш болгон ички жана чет элдик коноктордун катышуусу менен өткөрүлгөн.

Шилтемелер түзөтүү

  • Суу түтүгү Ирандыктардын маданий жана илимий мурасы, Мухаммад Ажам; Гүнабад 2014-жыл
  • «Касабе кяризинин улуттук катталышы». Касабе суу түтүгүнүн расмий сайты
  • “Касабе суу түтүгүнүн тиешелүү документтери ЮНЕСКОго жиберилди”; Мехр маалымат агентствосу; 2014-жыл
  • «Касабе суу түтүгү 2500 жылдык цивилизацияга ээ мурас», Мехр маалымат агентствосу, 2014-жыл
  • UNESCO, Qanats of Gonabad
  • Онлайн жаңылыктар, Касабе суу түтүгү
  • Суу түтүгү Ирандыктардын маданий жана илимий мурасы, Мухаммад Ажам, Улуттук суу түтүк форуму

Онлайн булактар түзөтүү

  • Парс журналы, Касабе суу түтүгүнүн улуттук майрамы
  • Суу түтүгү Ирандыктардын маданий жана илимий мурасы, Гүнабад суу түтүгүнүн экинчи улуттук форуму
  • Гүнабад суу түтүгүн каттодон өткөрүү үчүн алгачкы кадамдар
  • ИСНА: Суу башы

Тереңирээк изилдөө жүргүзүү үчүн булактар түзөтүү

* Мухаммад Ажам,Qanats and its tools waterclock [https://web.archive.org/web/20201101192700/http://parssea.org/?p=2734]

*Qanat Gonabad or Kariz Kai Khosrow [https://web.archive.org/web/20201112205025/http://parssea.org/?p=1371]

* Pars[https://parstoday.com/ja/news/iran-i36410]

  • Борон журналы, Мухаммад Ажам, Суу сааты Ирандын эң так байыркы сааты
  • Иран суу түтүгүнүн суу сааты; Парс журналы, Мухаммад Ажам
  • Таж Султан Хусейин. Гүнабад тарыхы жана географиясы
  • “Суу алуу үчүн техникалуу суу түтүк”
  • Суу түтүгү Ирандыктардын маданий жана илимий мурасы, Элдик газета
  • Иран таңкы газета
  • Гүнабад суу түтүгү, Ражабали Лабоф Ханики

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%82%D9%86%D8%A7%D8%AA_%D9%82%D8%B5%D8%A8%D9%87

  1. Geography,tribes and minorities in khorasan,Mohammad Ajam, 1992,Tehran also article in qanat seminar2003 Gonabad[1].
  2. Conference of Qanat in Iran – water clock in Persia 1383 (фарс.).