Касан-Сай сурьма кени - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Касан-Сай суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1420–1700 м бийикте.

1934-жылы табылып, 1936–72-жылдары мезгил-мезгили менен чалгындалган. Кен аймагын протерозой заманынын аягында пайда болгон акиташ менен сланецтер түзөт. Кен таш негизинен бул тектердин кошулган жеринде, кээде акиташ тегинин арасындагы брекчия кабаттарында кезигет. Кен таш кабатча түрүндөгү барит, кварц, кальцит, антимонит, сфалерит жана сейрек кездешүүчү минералдардан турат. Брекчия кремнийлүү тектердин сыныктарынан түзүлүп, кварц, антимонит, кээде барит, кальцит менен цементтелген. Кен таш тулкуларынын узундугу 30–300 мге созулуп, калыңдыгы 0,7–7,0 мге жетет. Кен герцин металлогениялык доорунда гидротермден пайда болгон. Сурьманын орточо өлчөмү 3,48%. Кен таштын запасы С2 категориясы боюнча 1123 миң тонна, сурьманыкы 39087 тонна.

Колдонулган адабияттар түзөтүү